Баракелде - Жогорку соттун судьялык кызматына талапкер, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Айжамал Ажибраимова судьяларды тандоо конкурсунун 3-турунан өттү.
Сотторду тандоо кеңешинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 30-июлда Жогорку соттун судьялык кызмат ордуна жарыяланган конкурс уланып жатат.
Бүгүнкү талапкерлердин тизмеси:
Ажибраимова Айжамал – Жогорку соттун судьясы
Жороев Курманбек - Жогорку соттун судьясы
Крицкая Светлана - Жогорку соттун судьясы
Кудайбергенов Алмазбек - Жогорку соттун судьясы
Кулманбетов Туголбай — Талас райондук сотунун судьясы
Эсенканов Качыке -ЖК Аппарат эксперти
Талапкерлердин арасынан биринчи болуп Айжамал Ажибраимова өзүнүн дил баянын тааныштырды. Талапкер 5 тармак (конституциялык укук жана сот өнүдүрүшү, жарандык укук, жарандык-процессуалдык укук, кылмыш укугу, кылмыш-процессуалдык укук) боюнча бардык 10 суроого жооп берип, 58,4 балл алды. Ошентип, ал кийинки турга өттү.
Айта кетсек, буга чейин 3-турдан 72 талапкерлердин ичинен 14 судья өттү.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык