Баракелде - Нарын облусунун Кочкор районунда 2012-жылдын 27-июлу күнү түнкү саат 22:45тер чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 255-чакырымында (Долон ашуусу) мамлекеттик номери S41-11Z болгон «Венто-Фольксваген» жеңил унаасы менен (S77-79O) «Ауди-100» жеңил унаасы кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен «Фольксваген» унаасынын айдоочусу Үмөтов каза болуп, 8 адам ар кандай жаракат алышкан.
Жабырлануучулар: 1965-жылы туулган Ж.Садыралиева Кочкор райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган (комада), 1983-жылы туулган С.Усубалиев, 1992-жылы туулган К.Айдарбеков, 1985-жылы туулган Т.Абдиева, 1990-жылы туулган Т.Момунбек уулу, 1991-жылы туулган А.Мирбек кызы, 1989-жылы туулган К.Калдыбеков, 1989-жылы туулган А.Кубанычбеков.
Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнин Кочкор районундагы «Куткаруу кызматынын» 4 куткаруучусу чыгышкан.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык