Баракелде - ПАРЛАМЕНТ ЖАНА КЫРГЫЗДАР
Кыргыздар (бүт Кыргыз мамлекетинин эли) мамлекеттик башкарууда парламенттик системаны тандап алдык. Бул чечимдин тарыхий маани-маңызы биз үчүн абдан чоң. Муну түшүнүш үчүн эки суроого жооб берүүгө аракет жасайлы. Бул чечимдин кабыл алынышында кандай себептер жатат жана парламенттик башкаруу системасынын кандай таасирлери болушу мүмкүн?
Мамлекеттүүлүгүбүздүн акыркы жыйырма жылында кыргыздар абдан оор турмуш улантып жатат. Буга аргумент катары элдин үчтөн экисинин жакыр болушу жана бул жакырчылыктын эч азайбашы, жумушка жарай турган орто жаш элдин негизги бөлүгүнүн чет өлкөлөрдө жалпысынан кор болуп жүрүшү, паракорчулуктун күн өткөн сайын күчөшү, куралдуу күчтөрүбүздүн алсыздыгы жана мамлекеттик эмес күч топторунун арбындап күчөшү, мамлекеттик тилибиздин жалпы жарандык тил болушунда жеткиликтүү өбөлгөлөрдүн түзүлбөшү ж.б.у.с. бир топ маселелерди үлгү катары көрсөтө алабыз. Жыйырма жылдан бери мамлекетибизди президент жана анын айланасындагы чакан топ башкарып келе жатканы баарыбызга маалым. Бул нерсе бир гана Кыргыз мамлекетине таандык көрүнүш эместиги белгилүү. Коңшулаш жана шериктеш өлкөлөрдө да биздегидей эле бир канча эле киши бүт элдин тагдырын чечип, мал-мүлктү каалагандай колдонууда. Буга Күмтөр жана чек ара окуяларын, көлдөгү тамчы ирээтиндеги, үлгү катары көрсөтсөк болот. Аталган ж.б.у.с. окуяларда элдин кызыкчылыгына жараша чечим алынган деп айтууга абдан кыйын. Коңшулаш өлкөлөрдө да акыбал биздикинен сонун деп айтууга кыйын. Нефттин шарапаты менен белдери бүгүлбөй жатат десек жаңылышпайбыз. Ал жерде Абрамович сымал кишилердин бир канча жылда 17 миллиард долларлык мүлккө жетиши акыл-эске албетте шектенүүнү алып келет. Кыскасы бизде би же коңшулаш мамлекеттердеби элдин ырыскысы белгилүү катмар киши тарабынан эле сарпталып колдонулууда. Ошондон улам болсо керек Орусиянын президенти ачык эле парламенттик башкаруу системысына каршы экенин жарыя салды. Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе кандайдыр бир күчтөрдүн Кыргыз жеринде (ОШ жана Жалалабатта) тополоң уйуштуруусу болду. Бул провакация жалпы КМШ(Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги) элдеринин көңүлүнөн революция аркылуу парламенттик башкаруу системасына өтөм деген Кыргызстандан көңүлүн буруу максатында жасалган. Бул провокациялык окуялардан кийин КМШ элдери парламенттик башкаруунун кандай пайдалары болушу мүмкүн экендигине байланыштуу суроонун жообунан такыр алысташты. Бирок биз кыргыздар үчүн бул маселе андан да курчуду. Бир канча кишинин ынсапсыздыгынын айынан жалпы эл адилетсиз мамлекеттик башкаруунун жыйынтыгында татыктуу эмес жашоого дуушар болуп олтурат. Элдин бийлиги президенттик башкаруу системасында эместиги белгилүү болду. Нарындын Атбашы жергесиндеги, Баткендин Лейлегиндеги же болбосо Ордолуу Оштун Алайкуусундагы эл президентти кайдан таанысын, эмнеге тайанып ал кишини президент катары шайласын? Эң оболу биздин атыбыздан чечим ала турган кишинин аманат ойубузга кыйанат кылбай турганына ишене турган шарттын түзүлүшү керек. Ал кишини(депутатты) 1-2 айда жок дегенде көрүп кандай гана проблема болбосун аны жеткизчүдөй болушубуз керек. Эң оболу партиялар арасындагы атаандаштыктын жыйынтыгынды башкарууда конкуренция пайда болот. Атаандаштык болгон жерде албетте талап жогору койулат. Кыскасы бир үй-бүлө же бир топ башкарган мамлекеттен 120 эл өкүлү башкарган мамлекет артык болсо керек деген ойдомун.
Буйруса кыргыздар бир гана өзүнө эмес жалпы адам баласына пайдалуу болот!
Адылбек Турдабаев
Нарындык жаран учурдагы бийликке нааразы
«Соңку учурда Орусиялык бир катар маалымат каражаттары Кыргызстанда жүрүп жаткан чоң саясий өнөктүккө карата бир жактуу маалыматтарды чагылдырышууда. Мындай аракетти бир өлкөнүн экинчи өлкөнүн ички ишине тымызын кийлигишүүсү деп атасак болот», - деген пикирин Нарын шаарынын тургуну Ж.Тойгонбаев билдиргенин Нарындан кабарчы Күмөндөр Усуптегин маалымдады.
Анын баамында алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоо бул Борбор Азиядагы, бүтүндөй КМШ өлкөлөрүндөгү өзгөчө шайлоо.
«Анткени бизде парламенттик башкаруу формасы кабылданып, биз ошол жолго багыт алдык. Мындай көрүнүшкө бир катар коңшу мамлекеттер, айрыкча Орусия каршы болгон эле. Эми ал жолдон биздин баш тартпастыгыбыз белгилүү болгондо алар маалымат согушун жарыялашты. Ал эми учурдагы бийлик, мейли президент же болбосо ТИМ бир ооз сөз кылганга жарабады. Мени ушул өкүндүрөт», - дейт Ж.Тойгонбаев.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевге
Ачык кат!
Саламатсызбы урматтуу Руслан Айтбаевич!
Италиядагы кыргыздардын атынан саламым менен бирге мен Сизге алардын ал-акыбалы, иштери, көйгөйлөрү жөнүндө айтып бергим келди.
Чындыгында буга чейин эле Кыргыз Өкмөтүнө жана Парламентине, Тышкы иштер министрлигине кайрылып, далай ирет дарек-дайыныбызды билдирип келсек деле Италиядагы кыргыздардын тагдыры эч кимди кызыктырган жок.
Кур убадалар убада боюнча кала берди. Эми бул каттан кийин Сиз аркылуу тиешелүү жерге жана адамдарга кабарыбыз жетип, максат-мүдөөлөрүбүз акыр-түбү ишке ашаар, деген үмүт менен бул Ачык кат аркылуу кайрылууга аргасыз болуп отурам.
Кыргыздардын Италия жерине келип жашап, иштеп жүргөндөрүнө он чакты жыл болуп баратат. Ушул жылдар ичинде көптөгөн кыйынчылыктардан өтүштү.
Өлкөбүздө түзүлгөн жумушсуздуктун айынан аргасыз башка жерлерден иш издеп, тилсиз, документсиз, алыскы бир өлкөгө жол таап келип, ал элдин тилин, дилин үйрөнүп, сагыныч-кусага алдырбай иш таап иштеп, алыстагы бүлөлөрүн багып жаткан күчтөрүнө, эрктерине чоң баа берүү керек.
Азыр Италияда болжол менен 10 миң кыргыз бар деген маалымат бар. Италия чоң, келгендер бүт Италия боюнча чачылып кетишет, так эсебин алуу мүмкүн эмес. Ошондой болсо да, алардын жок дегенде жарымы ай сайын үйлөрүнө орто эсеп менен 200 € дон эле акча салып турушса, Кыргызстанга канча киреше түшүп жатат?
Италиядагы кыргыздар азыркы күндө акырындык менен бир топ жеңиштерге да жетип калышты: жергиликтүү элдин мыйзамдарын үйрөнүп, ага ылайык өздөрүн өздөрү легалдаштырып, убактылуу жашоо жана иштөө үчүн документ – permesso clissojorno (убактылуу паспорт) жасатууга жетишүүдө. Аны менен мыйзамдуу турдө иштөөгө, жашоого жана Кыргызстанга барып–келип турууга да болот.
Чет өлкөнүн чет өлкөдөй түшүнүксүз шарттарына көнүп, кимдир бирөөнүн жардамысыз ушинтип өз күчтөрү менен өз буттарына туруп калышса да, Италиядагы кыргыздар ушунча жыл бою Мекенинин колдоосуна муктаж болуп келе жатат. Ал – элчилик. Чет жерде ансыз жашоо абдан кыйын, ар кандай шарттар туш келип калат, айрым жарандар паспортторун жоготуп алышса, айрымдардыкы мөөнөтү бүтүп калган. Үйлөнүп – жайланып, балалуу болуп жаткан жаштарыбыз да көбөйүүдө. Аларга «Никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк», балдарына «туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр» керек. Консулдук эсепке да туруу керек.
Бизде элчилик тургай ушундай маселелерди чечип, жардамын көрсөтүп жаныбызда турган консулдук да жок.
Элчилигиң болбосо моралдык жактан да сынат экенсиң. «Кайсы жерликсиң?» дегенге «Кыргызстандыкмын» десең, «Курдистан? А өлкөң болсо эмнеге элчилигиң жок?» дешет. Кыргыз герби илинип, желеги желбиреген элчилигибиз турса, ушундай сөздү угат белек?
2007–жылдын март айында Италияда да кыргыздар бар экендигин угушуп, Швейцариядагы кыргыз элчилигинен М.Жумалиев өзүнүн консулдары жана Кыргыз Өкмөтүнөн К.Исабековдор менен Италияга келишип, Неаполь шаарында кыргыз мигранттары менен жолугуп кетишкен. Анда көп маселелер көтөрүлүп, жаңы үмүттөр пайда болгон. Италиядагы кыргыз диаспорасы түзүлгөн. Аз да болсо Мекен колдоосун сезгенбиз.
Кийин алар Италияда кыргыз элчилигин ачуу маселесин канча көтөрүшсө да, ар кандай себептер менен ишке ашкан жок.
2008–жылы июнь айында Неаполь шаарында жашаган проф. Ф.Миникучинин жардамы менен «Италия – Кыргызстан Манас маданият ассоциациясы» түзүлдү. Алдына маданий программаларды, уюштуруу максаттарын койсо да, негизинен кыргыз мигранттарына медициналык, юридикалык, моралдык жардамдарды көрсөтүү менен чет жерде ээсиз жүргөн эл-журтуна чоң таяныч, моралдык колдоо болуп келатат. Бирок, бул мындай абалдан чыгуунун аргасыз жолу. Ошондуктан, Руслан Айтбаевич, жакын арада Италияда элчилик (же жок дегенде бизге жакыныраак турган Швейцариядагы кыргыз элчилигинин алдындагы Италия консулдугун) ачуу маселеси бышып жетилип, чегинде турат деп ойлойм.
Дагы бир өтүнүч, ошол Швейцариядагы кыргыз элчилиги Италияда консулдук ачылганча алдын-ала биздин Ассоциация менен байланышта туруп, жогоруда айтылган кыргыз документтери, бланктар, печать-мөөрлөрү менен өзүнүн консулун мурдагыдай кылып Италияга жиберип турса, жакшы болоор эле.
Анткени, биз үчүн кыйын кездерде, айрыкча акыркы жылдары, Швейцариядагы кыргыз элчилиги бизге көп жардамдарын берип келишкен.
Ушул каттан пайдаланып, Кыргызстандын Швейцариядагы мурдагы толук ыйгарымдуу элчиси М.Жумалиевге жана консул А.Рыскуловго Италиядагы кыргыз жарандарынын атынан терең урматыбыз менен чоң ыраазычылыгыбызды билдирип коюуңузду өтүнөм.
Экинчи бир маанилүү маселе, Италиядагы кыргыз мигранттарынын ичинде мурда өз Мекенинде ар кимиси өз ордунда 10-15-20 жылдан иштеп келген атуулдар көп. Ошолордун эмгек китепчелерин «өлтүрбөй», бул жактагы иштери менен эле улап, кийин Кыргызстандан пенсияга чыгарууга болор беле?
Канча жылдардан бери эс албастан, үй-бүлөлөрүн көрбөй иштеп, Ата Журтуна алыстан кызмат кылып жүргөн чет өлкөдөгү жарандарыбыздын эмгегин туура карап, баалоого убакыт жетти. Атүгүл жаштарга да мындай эмгек китепчелерин ачуу керек.
Кеп пенсиянын кичинекей акчасында эмес, муну менен Мекени чет өлкөлөрдө иштеген атуулдарына көрсөткөн камкордугу, коргоосу, урматтоосу болмок жана алардын Ата Журтуна кайтып келүүсүнө чоң моралдык шарт түзмөк.
Болбосо, оокаттын айынан колдон түшкөн шурудай чачыраган бир ууч кыргыздарды кайра кантип жыйнап алар экенбиз.
Үчүнчү маселе, акыркы убакта Италиядан өздөрүнө жасаткан документтери менен үйлөрүнө келе жатышкандар көбөйүүдө.
Ушул документти жасатыш үчүн эчен жыл эс албай иштеп, чарчап-чаалыгып, алыстан ашыгып келаткан бир кыргызды элестетиңизчи, «Манас» аэропортунун бажы кызматкерлеринин тооруган мамилеси менен…
Кыскасы, ары өтүп баратканда да, бери өткөндө да акчаңды алып, ызалап, тоноп калмайын өткөрүшпөйт.
Бул жерде азап тартып жүрүп, таап келаткан акчаңдан да бутуң жериңе түшөөрү менен көздөн учкан Мекениңдин кылган мамилеси жаныңдан өтөт. (Италияда бизге окшогон башка өлкөлөрдөн келип иштеп жүргөн мигранттар өтө көп. Алардын бири Шри-Ланка өлкөсүнөн келген жарандарын өз өкмөтү «элдик баатырлар» деп аташат экен).
Ошентип «Бала ыйлабаса, эне кайда» демекчи, биз өзүбүз минтип коңгуроо какпасак, эч кимдин уга турган туру жок. Уккан күндө да өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга шылтап, улам кийинкиге калтыра берип, канча убакыт өтүп кетти. Ошол убакыттар ичинде токтобой чет жерлерге өтүп жаткан ар бир адамдын – ар бир кыргыздын тагдырын ким билип жатат?
Ата Журт артынан издеп албаса, чачылып турган кичинекей эл «кумга сиңген сууга» окшоп табылбай кетпейби?
Албетте, булардын бары бир эле кишинин колунан келчү иш эмес жана Сиз аркылуу көптөгөн адамдарга, уюмдарга, министрликтерге кайрылып жатканымды түшүнүп тургандырсыз. Акыры өлкөсүнө алыстан аркасы тийип, өкмөтүнөн унутта калган Италиядагы «элдик баатырлардын» тагдырын эсине алар эл башчылар да чыгып калаар. Алдыда үмүттөр чоң.
Ишиңизде ийгиликтер болсун! Урматтоом менен Арыкбаева Гүлнара Сыргак кызы, Италиядагы кыргыз диаспорасынын мүчөсү, «Италия – Кыргызстан Манас маданият ассоциациясынын» вице-президенти, «Кыргыз-Туусу» гезитинин Италиядагы кабарчысы.
Неаполь шаары.
Улуумания
Акыркы мезгилде качан телевизор койбо, улуттук идеологияны өнүктүрүшүбүз керек деп көкүрөгүн соккондор көбөйгөндөн көбөйгөн. Албетте, көп жылдаган маңыроочулуктан кийин өзүбүздүн улуттук аң сезимибизди өнүктүрүү аракеттери мактоого сыярлык демилге, бирок ошентсе да «Кыргыз эли улуу элбиз, кыргыз эли кыйын элбиз» деп эле шилекей чачырата берүү күлкүлүү нерсе. Эмне үчүн «Кыргыз эли улуу элбиз бирок чууттуугубуз бар, балиттигибиз бар, мансапкорлугубуз бар, кошоматчылыгыбыз бар, ушундай кемчиликтерибизди оңдосок, анан барып урпактарыбыз сыймыктанарлык эл болот элек» дебейбиз? Кыргыз эли байыркы эл экенибиз чын, бирок улуу элбиз деп өзүбүз жок жерден ураан салгандан көрө, башкалар кыргыз эли улуу эл экен деп баа бергени туура болсо керек. А азыр болсо андай баа алуудан таптакыр алыспыз . Ага карабастан «Башкалар эмне десе ошо десин баары бир биз кыйынбыз» деп кежирленгенден кежирленебиз. Ошентип жатып өлкөбүз деле ыдырайын деп калды. Уламдан улам көзү тойбогон, жакырчылыкты жоюунун ордуна жакыр элдин намысын сатып алып, пикеттерге чыгарган алдым-жуттум саясатчылардын айынан, дуйнөгө улуу эл эмес эле чуут, саткын эл деп таанылып жатканыбыз калппы? Саясий партиялардын эки күндүн ичинде шаардын ичин быкбырдай кайната салган баракчаларын көрүп күлкүң келет. Чындап эле элдин камын ойлоп, ак ниети, чын дили менен иштеген болушса, мынчалык чымын-куюн аракеттин, же табити жок жамакчылыктын деле кереги жок болот эле го. Таратылган баракчалардагы «Үзөт, сүзөт, түзөт, бузат, кусат» сыяктуу саптар кайсы кыйын саясатчыларга ишеним туудурсун?
Саясатчылар бир эл, кыргыз эли башка эл эмес, баары биригип бир эл. Ошондуктан, карапайым калк күнүмдүк оокаттын артынан кууппу, же бекерпоздуктун айынанбы - саясатчыларга сатыла беришпесе мүмкүн, башкалар улуулугубузду биле турган күн жакындаар беле? Карапайым элибизди бир мүшөк ун, шекер, же бир бөтөлкө аракка сатылып кетишпесин билишсе, саясатчылар дагы жоопкерчиликтүү иштей турганы анык. Мына шайлоо башталды, баякылар дагы келишет, берээрин беришет деп алакандарын ушалабай, «Кыргызы эли сатылбагыла, азыр уруусуна жараша, кайсыл жактыгына жараша эмес, иштеген ишине жараша шайлабасак, булар дагы да болсо төңкөрөөрүн төңкөрүп, өңкөрөөрүн өңкөрүп кете беришет» деп эл акылы менен иш жасашса кандай сонун болоор эле. Бүгүнкү күндө болсо анткендин ордуна кайсы колунда бар саясатчынын артынан илээшип бир ай да болсо пайда көрүп калсак экен дегендердин саны аз эмес. Ушул эле адамдар кайра «Иий, кыргыз эли качан жакшы жашайбыз» деп нааразы болушат.
«Менин жездем бажыканада үч ай иштеп эле эки машина, бир үй сатып алды, таякем 500 доллар берип ГАИ болуп орношту» деген сыяктуу сөздөрдү илимдүү-билимдүү эле адамдарыбыз уялмак түгүл мактанып айтышканын коюшса, паракорлук дагы бара-бара жоюлат беле? Паракорлукту жек көрүүнүн ордуна, көтөрмөлөп, качып кутулгус балээнин ордуна, жетпей жүргөн максаты катары көрүшпөсө, кыргыз эли улуу болбосо дагы башкалардан артта калбаган эл катары, орточо бирок бактылуу жашайт беле? Чет элде окуп келген жаштар кыйратат эле ойротот эле дешет, а бирок андайлар аралашып калса кана эмнени үйрөндүң, бизге деле үйрөтчү дегенден намыстанышат. А түгүл, сын айтсаң «оой биз деген улуу элбиз, менталитетибиз башка, америкалыктарга, же европалыктарга салыштырба» деп керсендешет.
Эл оңолсо, саясатыбыз да, саясатчыларыбыз да, жашообуз да оңолот.Кыргыз эли качан гана өз кемчиликтерин түшүнө билгенде гана, башка улуу элдердин жетишкендиктерин үйрөнүүгө умтулуп, акча менен аракка сатылбай өзүн сыйлап, жана эл башындагыларды өзүн кемсинтпей, кордотпой сыйлата билгенде гана алдыга бир аз кадам таштайт. Ансыз, УТРК каналында гана улуу эл, кыйын эл болуп кала берерибиз бышык.
Окурман Айдай.
Коомдук коопсуздук жана стабилдүүлүк үчүн
«Мекенибиз - Кыргызстан»
Кыргызстандагы бүгүнкү оор кырдаалдан алып чыгып кетүү максатында өлкөбүздө стабилдүүлүктү жана тынчтыкты орнотуп, өлкөбүздү кайрадан курууга багыт алып, улуттар аралык мамилелерди калыбына келтирүүгө аракет кылып жаткан убакта азыркы өткөөл мезгилдеги техникалык өкмөттүн жетекчилерин (өзгөчө A.Муралиев менен К. Дүйшөбаевди) «күздө боевиктер кириши мумкун», «мусулмандар менен христиандар тиреши чыгышы мүмкүн» деген коомчулукту дүрбөлөңгө салып, дестабилдүү кырдаалды курчутуп, өлкөбүздү кайрадан баш аламандыкка алып бара турган ар кандай негизсиз жана негативдүү билдирүүлөрдөн, жоромолдордон алыс болууга, акылмандыкка жана тарыхый жоопкерчиликке чакырабыз!
Ошону менен бирге эгемендиктин бирден бир жана жападан жалгыз булагы болгон жалпы элдик добуш менен шайлана турган жаңы мыйзам чыгаруучу орган түзүлгөнгө чейин баардык жарандарды, улуттарды, жарандык коомдорду, укук коргоочуларды жана саясий партияларды, жергиликтүү жана аткаруу бийлигинин баардык бутактарын, эң башкысы саясий партиялардын лидерлерин коомчулукту дүрбөлөнгө салып, өлкөбүздү кайрадан баш аламандыкка алып бара турган ар кандай негативдүү жана чагымчыл сөздөрдөн жана билдирүүлөрдөн, кооптуу ойлордон жана жагдайлардан алыс болууга, сабырдуулукка жана толеранттуулукка чакырабыз!
Мындан тышкары баардык эл аралык уюумдар (БУУ, ЕККУ, ЖККУ, ЭКУ, ШКУ, КМШ) менен бейөкмөт, укук кооргоо жана коомдук изилдөө институттарын (Human Rights Watch, ICC, Amnesty International) жана массалык маалымат каражаттарын (өзгөчө батыш, орус ММК жана сentrasia.ru, fergana.ru) Ош жана Жалал-Абадда болгон окуяларды дүйнөлүк коомчулукка чагылдырууда адилет, объективдүү, бейтарап болууга чакырабыз!
Ошону менен бирге боордош коңшу өлкөлөрдү, чет мамлекеттерди жана лидерлерин Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө жана мамлекеттүүлүгүнө шек келтире турган ар кандай негизсиз жана объективдүү болбогон билдирүүлөрдөн жана жоромолдордон узак болууга чакырабыз!
Политолог Б.Токотегин
Ош шаарынын кыргыз интеллигенциясынын кайрылуусу
Ош шаарынын кыргыз интеллигенциясынын 110 аял өкүлдөрү Убактылуу өкмөткө катуу талап менен кайрылуу жасашты. Кайрылууну Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы таратты.
Ош шаарында бүгүн жашаган кыргыз интеллигенциясынын аял өкүлдөрү мамлекет оор абалда турганда ар ишти терең ойлонуп кадам жасоолору үчүн Убактылуу өкмөткө кайрылуу жөнөтүнөт, деп баяндалат анда.
Кайрылууда мамлекеттин бүгүнкүсүнө, келечегине кайдыгер эместиктерин айтышып, кыргыз элинин башына түшкөн оор күндөрдү туура эмес жүргүзүлүп жаткан идеологиялык жана кадр саясаттарга бир жактуу жалган маалыматтарга өтө тынчсызданып жатышкандыктарын билдиришкен.
Аталган кайрылуу 9 бөлүктөн туруп, кыргыз-өзбек маселелери, акыркы бир жылдын ичинде чоң өзгөрүүлөргө тушуккан шаардын инфраструктуралары, мамлекеттик идеологиялардын жүрүшү, айрым намыссыз кыргыз чиновниктеринин кылык-жоруктары ачык айтылган жана ага кошумчалай, Ош шаарынын мэри М.Мырзакматовдун ишмердүүлүгү тууралуу кабарланган.
М.Мырзакматов тууралуу анын шаарга мэр болуп келгенден бери көзгө көрүнөөрлүк жумуштарды аткарып койгонун, кыргыз-өзбек чатагын алдын алуу боюнча чоң иштерди жасаганын, бирок анын бул окуяга тиешеси жок экенин айтышкан.
«Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү (Зайнабетдинов, Масалиев ж.б.) мыйзамсыз негизде курулган, эч кандай архитектуралык эрежелердин талабына жооп бербеген соода түйүндөрүнө толуп, Ош шаарын «Түштүк борбор» деген статуска түк жарашпаган өтө булганыч, көрксүз жайга айланган, орто кылымды эске салган ушул көрүнүштөрдү оңдоого, тартипке салууга баш-оту менен киришкен М.Мырзакматовго өзбектер түп жабыла каршы чыгышып, ар кандай провокацияларды уюштурушууда. Ош шаарынын акыркы жылдагы абалын биз, шаардыктар, башкаларга салыштырмалуу абдан жакшы билебиз. Ошондуктан, Ош шаарына М.Мырзакматовдой эл үчүн күйгөн патриот мэр керек, ал адамда жетекчиге таандык бардык сапаттар жетишээрлик» - делет кайрылууда.
Ага кошумчалай, жеке амбицияларды жалпы элдин кызыкчылыгынан өйдө койбой, Ош шаарынын мэри М.Мырзакматовду ордунан козгобоону талап кылышкан.
«Эгерде, биздин бул үнүбүзгө маани бербесеңер, ар кандай кадамдарга барууга, шаар мэрибизди өзүбүз коргоого мажбур болобуз»-деп эскертишкен.
Кошумчалай кетчү жагдай, кайрылууга Ош шаарынын Жогорку жана орто окуу жайлардын, мектептердин мугалимдери, профессорлор, доценттер, медицина кызматкерлери, персоналдык пенсионерлер, эсепчилер жана жеке ишкерлер кол коюшкан.
Кыргызстан калкына кайрылуу
Кадырлуу калайык калк!
Баарынан мурда, Жалал-Абад жана Ош коогалаңында курман болгон мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Ата-бабаларыбыз ачуу душман, акыл дос деп, элибизди сабырдуулука, акылга чакырып келген. Биз да ата-бабаларыбыздын осуятын улап, ачууга алдырган тараптарды токтоосуз жарашууга чакырабыз. Алтын башыбыз аман болсо, алтын аяктан суу ичебиз. Бири-бирибизге эрегишүүрү, өзүбүзгө өзүбүз орду толгус трагедия жасоону токтотолу. Жетишет! Керт башын ойлогон улутчул саясатчылардын сөзүнө кирбейли жана келечегибизди ойрон кылып албайлы.
Ардактуу мекендештер!
Биз төмөндөгү талаптарды жети өлчөп бир кескенден кийин гана коомчулукка жарыялап жатабыз:
1.Убактылуу өкмөт Маевкадагы, Ош жана Жалал-Абаддагы трагедиялуу окуяларга: кан төгүүлөргө, кордук-зомбулуктарга, бөлүнүп-жарылууларга жана эсепсиз материалдык чыгымдарга түздөн-түз жоопкер деп эсептелсин.
2.Ош жана Жалал-Абад окуяларын өзбектерге каршы геноцид катары чагылдырган эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстан калкынын алдында кечирим сурасын жана кыргыз-өзбек элдеринин ынтымактуу айылдарын коомчулукка жарыяласын.
3.Ош жана Жалал-Аабаддагы коогалаңды «Орто Азияны дестабилдештирүүгө аракеттенген күчтөрдүн жасаганы» деп калыс баалаган Өзбекстандын президенти И.Каримовго жалпы Кыргызстан калкынын атынан ыраазычылык кат жолдонсун.
4.«Ата журт» партиясынын, Ош шаарынын мэри М.Мырзакматовдун, Ош шаарынын коменданты К.Асановдун жана ички иштер министринин орун басары, башкы комендант Б.Алымбековдордун Ош жана Жалал-Абаддагы кырдаалды жөнгө салууга кошуп жаткан опол тоодой кызматтары жогору баалансын.
5.Жаңжалдын чыгышына себеп болгон улутчул экстермисттер жана алардын көз караштарын коомго жайып, кырдаалды курчуткан маалымат каражаттар (УТРК, ОшТВ, Мезон ТВ, «Алиби» жана «Дидор» гезиттери) эл алдында жана мыйзам алдында жоопко тартылсын.
6.Перзентинен айрылган ата-энелерди, жакындарынын өлүк-тиригин таппаган жарандарды жана үй-жайы өрттөнгөн үй-бүлөлөрдү референдумга зордоп катыштыруу аракеттери тез арада токтотулсун.
7.Учурдагы коогалаңдан саясий упай топтоого батынган куйту саясатчылардын кара пиарлары «кырдаалды курчуткан провокаторлор» деп баалансын.
8.Үй-жайы өрттөнгөн атуулдарга тез арада үй-жай куруп берүү максатында көп кабаттуу үйлөрдү куруу демилгеси токтоосуз колго алынсын.
9.Ош, Жалал-Абад, Өзгөн, Кара-Суу шаарларындагы жана Ноокат, Араван райондорундагы бир өңчөй улуттардан турган айылдар этап-этабы менен аралаш жайгаштырыла баштасын.
10.Кыргыз жана өзбек дин кызматкерлерине, аксакалдарына жана жаштарына эл алдына чыгып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элди сабырдуулукка чакыруусуна шарт түзүлсүн.
Кайрылууну турмушка ашыруу жагы азыркы Убактылуу өкмөттүн ар намысына жана келечекте келе турган Туруктуу өкмөттүн абийирине тапшырылсын.
«Ак кызмат кыймылы»
Түштүк Кореядагы 3,5 миңден ашуун кыргыздардын кыргыз элине жана Убактылуу өкмөткө кайрылуусу
Түштүк Кореяда окуп, иштеп жүргөн кыргыздар Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен, Кыргызстан элине жана Убактылуу Өкмөткө кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу Кореядагы «Кыргызстан» коомдук маданий борборунун (диаспорасынын) мүчөсү Жолой Тиллаев билдирди.
Кайрылуу кыскартуулар менен берилди.
«Урматтуу Кыргыз Элим! Өлкөбүздүн түштүгүндө болуп жаткан кырдаалды өтө кайгыруу, капалануу менен кабыл алып жатабыз!
Биз, Түштүк Кореяда иштеп, окуп жаткан кыргыз атуулдары Кыргызстанда жашап жаткан улутунан айырмасы жок баардык Кыргызстандын жарандарын биримдикке, тынчтыкка, ынтымак жана сабырдуулука чакырып кетмекчибиз.
Бул каргашалуу окуяда курман болгондордун жакындарына, үй-бүлө, досторуна урук-туугандарына терең кайгыруу менен азасын теё бөлүшүп, көңүлл айтабыз.
Мамлекетибизде эзелтеден келе жаткан көп улуттуу элдердин тыгыз мамилелери кандайдыр бир күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн ыдырашына жол бербешибиз керек.
Ал эми азыр ар бир адамдын жүрөгүндө, айрыкча биз сыяктуу чет жерлерде жүргөн кыргыз атуулдарынын жүрөгүндө «Эми Кыргызстан эмне болор экен?» деген суроо ойлондурат. Биз жалпы кыргыз журтун, айрыкча эки улуттун чайналып турган түштүктөгү бир туугандарды тынчтыкка, биримдикке, ынтымакка чакырабыз! Айланайын кыргызым, элибиз өз чегин өзү башка жолго буруп алды. Анын баасы - балдарыбыздын канына турду. Эми өз ара ит жыгылыш болуп, талап-талашканды токтотпосок, Кыргызстанды жоготуп алуу коркунучунда турабыз!
Урматтуу Убактылуу бийлик өкүлдөрү!
Бакиевдик режимдин кулашы бардык кыргыздар үчүн жаңы үмүттөрдү пайда кылууда. Эми ар бир кадамыңар ойлонуп жасалаарына жана өлкөдөгү саясий оюндарды тез арада токтотуп, эл үчүн иштеген жаңы бийликке ээ болоорубузга ишенгибиз келет. Кыргыз эли эркиндикти сүйгөн, акылман эл экендигибиз бүт дүйнөгө далилденди. Ошондуктан биз сиздерден суранаарыбыз мамлекеттик системаны курууңарга толук ишенебиз жана милдеттүүсүңөр! Андыктан, Кыргызстандын келечегине биз, баарыбыз жооптуубуз. Бул эл алдында, өлкө алдында, улут алдында ар бир атуулдун ыйык милдети. Ал үчүн болгон бардык эмгегибизди, салымыбызды кошууга биз да даярбыз.
Ошондуктан Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте эл-журттун ажырагыс биримдиги, ынтымак жана сабырдуулукка чакыруу менен бирге «Бөлүнбөй - биригелик, касташпай - достошолук» деген ураан таштап кетмекчибиз.
Кореядагы «Кыргызстан» коомдук маданий борборунун (диаспорасынын) мүчөлөрүнүн атынан:
1. Исаев Бакыт Кыдырбекович (Түштүкк Кореядагы Кыргызстандын Эмгек жана миграция министрлигинин толук ыйгарымдуу өкүлү).
2. Тиллаев Жолой Арапбаевич
3. Чолпонкулов Азамат
4. Дубанаев Саламат
5. Мазеков Мирлан
6. Шаршеева Шаттыкгүл
7. Астаева Индира
8. Сейдалиев Шумкарбек
9. Мадомаров Элдар
10.Жээнбеков Марат
Кореядагы «Кыргызстан» коомдук маданий борборунун (диаспорасынын) мүчөлөрү, Сеул шаары
Урматтуу Роза Отунбаева! Кымбаттуу кыргыз эли!
Эне-Сай жана Ала-Тоону мекендеп келген эр-жүрөк, кайраттуу жана сабырдуу калкым!
Урматтуу улууларыбыз жана жаштарыбыз.
10-июндан бери болуп жаткан кандуу кагылышуулар баарыбызды терең тынчсыздандырды. Провокациядан улам келип чыккан бул балакет жүрөгүбүздөн жаралады. Бул коогалаңдын натыйжасында бейкүнөө инсандарыбыз курман болду.
Эми болсо биргелешип бекемдүү, сабырдуу жана акыл-эстүү болуу учуру келди. Баатырлардын каны бир туугандарын өлтүргөндө эмес, мекенин коргогондо гана төгүлүш керек.
Биртууганчылыкта, чын дилибиз жана ыкласыбыз менен сырткы күчтөргө каршы өзүбүздү көрсөтөлү. Биз, Кыргызстан элдери илгертен бери сырткы жана ички душмандардын ыплас оюндарына алдырбастан, кылымдар бою ынтымакта жашап келатабыз. Бирок өтө кылдат пландалган бузуку, жаман ой-аракеттердин натыйжасында учурдагы трагедияга дуушар болуп олтурабыз. Азыркы мезгил бири-бирибизден качуу мезгили эмес, кайра чынжырдай бири-бирибизге байланып туруштук берүү мезгили.
Адам ата жана Обо эненин балдары, Кабыл бир тууганы Абылды өлтүрүп алган соң кекчилдик жана жек көрүүнүн канчалык туура эместигин андады, бир тууганын өлтүрүү менен өзүнө зыян келтиргенин түшүндү.
Алла-тааланын токсон тогуз ысмы ар бир адамдын рухунда жайгашкан. Ар нерсенин акысын туура берген адилеттүү, күнөөлөрдү кечирген жана жазаландыруудан баш тарткан кечиримдүү, ырайымдуу, сабырдуу жана мээримдүү бололу.
Дүйнө жүзү бизди тамаша кылып сындап жатат, буга жол бербейли. Империалист күчтөрдүн пландарын бузуп өз биримдигибизди жана ынтымагыбызды дагы бир жолу даңазалап, бир эл экенибизди далилдейли. Биздин куралыбыз: ыйманыбыз, абийирибиз жана ынтымагыбыз болсун. Каныбыз төгүлсө, сырткы душмандарга каршы күрөштө төгүлсүн.
Жаштар! Мансапкорчулук жана мал-мүлк үчүн мекенин саткан кишилерге азгырылган жаштар! Майданга чыккыла, мекениңерди сүйгөнүңөрдү көрсөтүү үчүн, келечекти кайра курууга, ынтымакты кайра түптөөгө чыккыла. Биздин өлкөбүздүн тагдыры биздин колубузда. Абийирибизди жана намысыбызды коргойлу. Дүйнөгө шылдың болбой, акыл-эсибизди топтойлу!
Баардыгыбыз бул кандуу тополоңду сабырдуулук менен жеңели. Өлкөбүздүн бөлүнүшүнө алып келбейли. Бул ыйык жерлердин ээси биз экенибизди, жерибизди сүйгөнүбүздү көрсөтөлү. Тополоңдо курман болгондор бизди кечириш учун кол кармашалы. Достугубузду бекемдейли.
Бардык кыргыз элине кайрыламын! Абийрибизди, биримдигибизди, ак ниетибиздин туусу болгон байрагыбызды чогуу тик көтөрөлү. Ар бирибизди тынчтыкка, адилеттүүлүккө, бейпилдикке чакырамын.
Бул дүйнө баарыбызга жетет, тойбогондордун көзүн топурак тойгузсун.
Жашасын өлкөм, жашасын Мекеним, жашасын элим!
Саида Саипова
Ош шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлеринин мурдагы 1-вице мэрдин милдетин аткаруучу Т.Камчыбеков тууралуу кайрылуусу
Ош шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлери мурдагы 1-вице мэрдин милдетин аткаруучу Т.Камчыбековдун билдирүүлөрүн четке кагып, андан каргашалуу окуяны саясатташтырбоону талап кылып чыгышты.
«Ош шаарынын мэриясынын мурдагы биринчи вице-мэри Тимур Камчыбековдун жалпыга маалымдоо каражаттарында жасаган билдирүүлөрү биздин жана жалпы Ош шаарынын жарандарынын кыжырдануусун жаратууда.
Ош шаарында коогалаңдуу окуялар башталып, жетекчи кызматтарды ээлеген атуулдардан жогорку уюшкандык, чечкиндүү кадамдар талап кылынып жаткан мезгилде ишке жасаган кош көңүлдүгү жана компетентсиздиги үчүн Тимур Камчыбеков ээлеген кызматынан бошотулгандыгы белгилүү. Элдин башына каран түн түшүп турган ушундай татаал кырдаалда, ар бир атуул жеке кызыкчылыгын унутуп, элдин камын ойлоосу керек экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Антсе да, кызматтан ажырап, ич күйдүсүн кимден чыгарышын билбей отурган Т.Камчыбеков, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу саясий оюн жасап, шаардын мэри М.Мырзакматовго курулай жалаа жаап жаткандыгын бери дегенде уят, ары дегенде түркөйлүк деп эсептейбиз.
Тимур Камчыбеков 7-апрелде болуп өткөн окуялар учурунда аталган кызматка «чакырылбаган конок» катары келип калгандыгы жашыруун эмес. Жогорку билими болсо да, тажрыйбасынын жетишсиздиги кызматка келген күндөн баштап эле билинип, мындай жогорку кызматка анын татыксыз экендиги даана көрүнүп калган. Коогалаңдуу окуялар башталганда, мэриянын кырдаалды жеңилдетүүгө багытталган иш-чараларына ортоктош болуп, кол кабыш кылуунун ордуна, ал тараптан өз билемдик мамиле жасалып, бут тосуулар, «кыйшык оюндар» жүргүзүлө баштаган.
Ал эми шаар мэри М.Мырзакматов шаарга жетекчи болуп келген алгачкы күндөн баштап, жалпы аппарат кызматкерлерине жана мекеме жетекчилерине таза, абийирдүү жана калыс болуу талабын коюп келди. Шаар мэри соңку окуяларда элди провокацияга алдыртпай, коомдогу чыңалууну акылдуулук жана сабырдуулук менен сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү керектигин эскертип келүүдө. Андыктан, иштен четтетилген Т.Камчыбековдун жеке көз караштары чындыкка төп келбейт деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына Бишкек шаарындагы «Алай» коомунун атынан
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу мекендештер!
Биз, Бишкек шаарында жашаган «Алай» коомунун мүчөлөрү, ушул күндөрү Ош жергесинде болуп жаткан кайгылуу окуяларды өтө тынчсыздануу менен кабыл алып жатабыз. Ошондой эле набыт кеткендердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз!
Жүздөгөн адамдардын өмүрүн кыйып, миңдеген адамдарды жабыркоого алып келген бул окуяларды уюштурган кутумчуларды кескин айыптайбыз жана аларды тез арада кармап, жалпы элдик ачык соттун алдында жоопко тартууну Убактылуу өкмөттүн, укук коргоо органдарынан талап кылабыз! Кылымдар бою конушташ жашап, кыйынчылыкты бирге көтөрүп, жакшылыкты тең бөлүшкөн, салт-санжырасы, дини, тили, дили да бир бир тууган элдердин ортосуна от койгон кылмышкерлер тиешелүү жазасын алуусу зарыл.
Өлкөбүздүн бардык жарандарына кайрылабыз:
Бүгүн өлкөбүздүн бүтүндүгү, мамлекетибиздин эртеңки келечеги коркунучта турганда баарыбыз болгон аракетибизди бул каргашалуу окуяларды токтотууга, жергебизге ынтымак-ырашкерчиликти кайра орнотуп, элибиздин ажырагыс биримдигин бекемдөөгө жумшайлы! Калкыбыздын кадырлуу аксакалдарын, акылман энелерибизди, жалпы журтубузду, жаштарды - баарын сабырдуулукка чакыралы!
Элибиздин уучу кур эмес, арабызда акылман аксакалдар - кезинде «Карабах жаңжалын» токтотуп, боордош азербайжан, армян элдеринин элдешүүсүнө данакер болгон Жогорку Кеңештин экс-спикери Медеткан Шеримкулов, Ош жергесине эмгеги сиңип, опол тоодой кызмат өтөгөн: Садыкбек Аблесов, Абдыкадыр Сапарбаев, Абдываит Тажибаев, Борубай Жураев, Абиджан Тажибаев, Абдыганы Абдугафуров, эжелерибиз: Бурул Каримова, Арафатхан Алимжанова өңдөнгөн көптөгөн аттуу-баштуу инсандарыбыз бар. Сиздерден сураныч: Эл аралап, тирешкен эки жакты элдештирүүгө, ынтымакташтырууга топтогон тажрыйбаңыздарды, акыл-наркыңыздарды салып, болгон күчүңүздөрдү жумшап берсеңиздер!
Элибиздин акыл-эстүү мекенчил жаштары! Элдик кошуундарды түзүүнү ыкчамдатып, тартипти, коопсуздукту сактоого салымыбызды кошуп, мамлекетттүүлүгүбүздү сактап калалы!
Калдайган калайык, сабыр кылып, ачуубузду жутуп, кеч болуп кете электе, эсибизге келип, эртеңкини ойлойлу!
Мамлекетибиздин башына кыйын кырдаал, катаал мезгил түшүп турган кезде Эл тагдырын өз тагдырынан жогору коюп, журт башын бириктирип, анын келечеги үчүн кечиримдүү бололу!
Кан төгүлүүдөн, саясий кызыл кулактык кылып, курмандыктарды бетке кармап, өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кылган шылуундарга жол бербейли! Алардын чагымчыл, бузук иштерине чалынып, кызуулукка алдырбайлы!
Өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал учурунда массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин өз ишине болгон жоопкерчилигин күчөтүүгө, эки элдин мамилелерине доо кетирген, чындыкка жатпаган бир жактуу чагымчыл маалыматтарды таратуудан этият болуусуна чакырабыз! Атайын ушак таратып, кырдаалды андан ары татаалдаштырууга аракет кылган бузуку топтор кармалып, жоопко тартылуусун талап кылабыз!
Элибизди ынтымакка чакыралы. Учурда кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жаткан мекендештерибизге арка-бел, жөлөк-таяк бололу! Жылуу сөзүбүз менен колдоо көрсөтүүбүздө билдирүү менен колубуздан келген жардамыбызды чын ниетибизден жөнөтөлү!
Каргашалуу окуяларга жаныбыз кайышкан Бишкек шаарында жашап жаткан алайлыктар алгачкы жардамыбызды - азык-түлүк, дары-дармектерди жөнөттүк. Белгилүү коомдук ишмерлер Бегиш Ааматов, Абдыганы Эркебаев ж.б. телекөрсөтүүлөр, радиоберүүлөр, мезгилдүү басылмалар аркылуу элге кайрылуу жасап, элдешүүгө чакырууда. Ал эми Кыргыз Эл артисти Кыргызбай Осмонов баштаган чыгармачыл топ эки улуттун өкүлдөрүнүн турган үгүт бригадаларын түзүшүүдө…
Ошондой эле коомубуздун кадыр-барктуу мүчөлөрү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жолго чыгышты. Жаштарыбыз элдик кошуундарды түзүп, тартип сактоого, кырдаалды оңдоого өз салымдарын кошуу аракетин жүргүзүп жатышат.
Биз элибиздин мекенчил жарандардынын мындай саамалыктарын колдоого чакырабыз!
Баарыбызды кудай колдоп, жергебизге бейпил турмуш, ынтымак-ырашкерчилик орносун!
Алай коомунун мүчөлөрү:
Абдыкалыков Орозмат
Маматалиев Абдырахман













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)