21 октябрь 2014, 03:01


 
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгы Кыргызстанда жалпы элдик майрам катары белгиленет
26 апрель 2013, 08:50

Баракелде - Кечээ, 25-апрелде президент Алмазбек Атамбаев «1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Жарлыкта мындай деп белгиленет:

«2015-жылы май айында дүйнө жүзүндө адамзаттын жаңы тарыхында фашизмдин үстүнөн болгон жеңиштин, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленет. Жүз миңдеген кыргызстандыктар баатыр Советтик Армиянын курамында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарында салгылашып, миллиондон ашык мекендештерибиз оорукта бел чечпей эмгектенип, кайратмандыктын, туруктуулуктун жана адилеттүү жеңишке болгон бекем ишенимдин үлгүсүн көрсөтүшкөн.

1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта фашизмдин үстүнөн болгон Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин көңүлгө алып, кыргызстандык-жоокерлердин ченемсиз баатырдыгына терең таазим этүү, Ата-Журтту коргоодо көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы, ооруктагы каарман эмгеги үчүн ардагерлерге ыраазычылык билдирүү менен токтом кылынат:

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгы Кыргызстанда бүткүл элдик майрам катары белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү:

- Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын 2015-жылы майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзсүн;

- 2013-2015-жылдарга Жеңиштин 70 жылдык маарекесине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Улуттук программаны иштеп чыксын жана кабыл алсын, анда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин социалдык абалын жакшыртуу жана колдоо боюнча кардиналдуу чараларды карасын;

- Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Улуттук программаны жүзөгө ашырууга бюджеттик жана башка каражаттарды бөлүүнү карасын жана ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.

Муну менен бирге төмөнкүлөрдү зарыл деп эсептейм:

- Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын майрамдоо боюнча, анын ичинде кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке кошкон салымына арналган иш-чараларды өткөрүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу;

- мурдагы СССР элдеринин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында көрсөткөн эрдигин жана баатырдыгын эсте сактоо жана түбөлүккө калтыруу, өсүп келе жаткан муунду жарандык атуулдукка, фашизмге каршы күрөшүүдө согуштун ардагерлеринин ченемсиз эрдигине сыймыктануу сезимин тарбиялоо боюнча калк арасындагы иш жүргүзүү;

- Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган мемориалдык комплекстерди, эстеликтерди, эскерүү мамыларын сактоо боюнча чараларды кабыл алуу.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин аппаратынын жетекчисине жүктөлдү. 

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Twitter В контакте Мой мир facebook
комментарии
Для добавления комментария Вам необходимо авторизоваться (зарегистрируйтесь, если еще не имеете аккаунта в системе АКИпресс)
Регистрация
Войти
 
20 октябрь 2014
19:00   Ак-Талаа районунун акими айыл өкмөттөргө кайсы айылдын эли көмүр менен камсыздалбай калса, катуу чаралар колдонулаарын эскертти (фото)18:47   Жайылдын Суусамыр өрөөнүндөгү аңчылык ишинде чет элдиктерди коштоп жүргөн кыргызстандык жаран тарабынан сакталбаган эрежелер аныкталды18:38   Кочкор районунда 5 жашка чейинки балдардын өлүмү 18ге жетти18:31   Кыргызстандык мигранттардын жашоосун объективдүү мыкты чагылдырууга конкурс жарыяланды17:30   Кочкор районунда 1-4 класстын окуучуларына дегельминтизация өткөрүлүп, аларга 5295 даана альбендазол дарысы таратылып берилди17:14   Президент милиция кызматкерлерине үй салып берүү үчүн 55 млн сом бөлүп берди, - министр М.Турганбаев17:10   Нарында майып бала төрөгөн энелерди күйөөлөрү таштап кеткендери бар, - «Кадам» реабилитациялык борборунун кызматкери (фото)17:08   Бишкек мэриясынын Социалдык тамактандыруу департаментинин милдеттери райондук түзүмдөргө берилди, эми жоопкерчиликтүү кызматкерлер өз ишине жооп берет16:34   Кочкор районунда бул жылдын 9 айында ВИЧ-СПИД илдети 3 учурдан 6 учурга көбөйгөн15:12   Кочкор районунда медициналык каттоодон өтпөгөн 116 жаран жумушунан четтетилди14:41   Бишкекте кызыл армиячылардын элесине арналган митинг-реквием өттү14:35   Калың кардын кесепетинен каза болгон эки жарандын үй-бүлөлөрүнө президенттик Аппараттан материалдык жардам көрсөтүлдү14:18   Фото - Бишкектин Свердлов районунда жаңы балдар аянтчасы ачылды14:12   ИИМ башчысы М.Турганбаев Жалал-Абадда аймактык милиция бөлүмчөлөрү менен таанышып, эл менен жолукту (фото)14:00   Ат-Башы районундагы «Ак-Байрак» балдар реабилитациялык борбору жардамга муктаж (фото)13:06   Окурман Бишкектеги акча алмаштыруучу жайда унутулуп кеткен телефонун кайтарып берүүнү өтүнөт (видео)12:37   Маршруттук таксилердин айдоочулары Профсоюзная көчөсүн өздөрү оңдой башташты (видео)12:36   Кочкор районунда күзгү оруп жыйноо иши толугу менен аяктап 100%га аткарылды, - райондук департамент11:55   Бишкектин Токтогул көчөсүнө жаңы 250 түп бак отургузулат, - мэрия (фото)11:39   Президенттик фонддон сиам эгиздери Зита менен Гитага материалдык жардам көрсөтүлдү11:24   Бишкекте калктын биометрикалык каттоосун массалык түрдө чогултуу башталды (пункттардын даректери)11:23   Нарын шаарынын аймагында төгүлгөн таштандылар убагында чыгарылбай Нарын дарыясын жээктеп төгүлүүдө (фото)11:00   Ат-Башы районунун борборундагы мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөрү жана унаа токтоочу жайлары иретке келбей келет (фото)09:00   Билип жүр: Нарын шаарынын аймагын аралап өткөн Нарын дарыясынын суусу азайып баратканы байкалууда (фото)08:31   «Жалпы улуттук аянтчаны» түзүү тууралуу Меморандумга кол коюу процесси түндүктүн алдында өткөрүлөт, - «Калыс» саясий кыймылы08:00   Нарын шаарынын борбордук бөлүгүнүн түндүк тарабынан орун алган аймактагы казылган суу арыктары көмүлбөй келет (фото)07:30   Нарын казыяты тарабынан жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 170 тонна көмүр жана 40 койдун эти таратылды (фоторепортаж)
18 октябрь 2014
19:00   Нарын шаарындагы «Кадам» реабилитациялык борбору, эми аз күндө имараты жок сыртта калышат (фото)17:57   ИИМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси С.Өмүрзаков менен Кара-Суу РИИБдин башчысы М.Орозбаевдин мушташкандыгы тууралуу башкармалыктын билдирүүсү17:31   Бишкектеги Ак-Өргө конушунун 25 жылдыгы белгиленди (фото)17:30   Нарында көпчүлүк учурда майыптыгы бар балдарды жалгыз энелери багат, - «Кадам» реабилитация борборунун директору Ш.Актанова17:15   Өлкө аймагында 150 миңге жакын майып адам катталса, анын 20 миңге чукулу жаш балдар16:55   Фоторепортаж - Нарын шаарында кайдыгерликке каршы жүрүш унаа кербени уюштурулду15:24   ИИМ башчысы М.Турганбаев Кадамжай районунун Марказ айылынын жашоочулары менен жолугушту (фото)14:38   Бишкектин айрым аймактарында 19-20-октябрда электр жарыгы өчүрүлөт10:22   Бишкектин Жол-кайгуул кызматы айрым көчөлөрдү бир тараптуу кылууну сунуштоодо (фото)10:00   Бишкекте калктын биометрикалык маалыматтарын массалык чогултуу иштерин 100дөн ашуун оператор жүргүзөт, - Мамкаттоо
17 октябрь 2014
20:00   Жумгалда өрттөн каза болгон маркумдардын үй-бүлөлөрүнө кызматкерлердин 1 күндүк эмгек акылары которулуп берилди (фото)19:50   ӨКМдин өздүк курамы Жумгалдын Каныш капчыгайында өрттөн каза болгон маркумдардын кыркылык ашына келип катышышты (фото)19:37   Нарын шаарындагы 3 депозит дарыгерге шаардык мэрия тарабынан айына ижара акысы төлөнүп берилет19:30   Жумгал РИИБси тарабынан окуучулар арасында «Биз рэкетчиликке каршыбыз» аталыштагы операциясы өткөрүлдү (фото)19:20   Ак-Талаанын Жерге-Тал айылында окуучулар арасында «Менин келечектеги үй чарбам», «Малы сактын - дени сак» аттуу сынактары өттү (фото)19:16   ЖК депутаты студенттер менен конституциялык мыйзамдарды реформалоо маселелеринин актуалдуулугу боюнча пикир алышты18:57   Бишкек башкы архитектура жарыялаган шаарды реконструкциялоо жана сейил бак, гүл бакчаларды көрктөндүрүү боюнча ачык сынак жүрүп жатат18:50   Жумгал району боюнча калктын 79,8% жакыр экени аныкталды18:44   Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 106 дарыгердин ордуна учурда жалпы 56 дарыгер иштеп, жетишсиз кадр 48%ды түзөт, - директор М.Атбаев18:09   Кыргызстандын Акыйкатчы институту ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды укуктук коргоо боюнча рекомендацияларын иштеп чыкты17:44   Бишкекте ушул жылдын 20-октябрынан тартып калктын биометрикалык маалыматтарын массалык түрдө чогултуу башталат17:37   УКМКнын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды (фото)17:18   Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы жарактан чыккан мектептин ордуна жаңы мектеп курууга өкмөттөн 44 млн сом каралган, - министр К.Садыков
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2014
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.