Баракелде - Баткен шаарында Кыргызтелекомдун Баткендеги филиалы спорттук мелдеш өткөрүүдө, деп билдирди Баткен областтык администрациясынын басма сөз кызматы.
Бул мелдешке областтан 5 команда катышып жатат жана команда арасында спорттун волейбол, кичи футбол, шахмат жана теннис түрү боюнча таймаш жүрүүдө. Мелдештин жеңүүчүлөрү Баткентелекомдун 1-даражадагы диплому жана баалуу сыйлыктары менен сыйланат. Ал эми областтык спартакиадада биринчиликти алган команда жыл сайын Ысык-Көлдө өтүүчү Республикалык спартакиадага жолдомо алат.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)