
Баракелде - Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева 9-августта мамлекеттик тууну Биринчи өспүрүмдөр олимпиадалык оюнунун катышуучуларынын бири Болотбек Токтогоновго тапшырды.
Сингапурда өтүүчү аталган оюндарга узап бара жаткан кыргыз курама командасынын мүчөлөрүн куттуктоо сөзүндө, Р.Отунбаева өсүп келе жаткан спортчулар Биринчи жайкы олимпиадалык оюндардын алгачкы катышуучуларынан болоорун белгилеп кетти: «Силер тарыхый инсандарсыңар, силердин изиңерди утурлай башка спортчулар барат. Кыргызстандын спорттук жетишкендиктерин дагы толуктагыла, жеңүүчүлөрдөн болуп кайтып, сыйлуу орундарга татыгыла», - деп каалап кетти мамлекет башчысы.
Ошондой эле Р. Отунбаева аларга спорттук формаларды тапшырды, андан соң эстеликке жалпы сүрөткө түшүү болду.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)