
Баракелде - КР Саламаттык сактоо министрлигинин кооомдук саламаттыкты сактоо бөлүмү басма сөз борборуна билдиргендей, Ош областынын Кара-Суу районунда кулгуна (сибирь жарасы) оорусуна шектүү делген окуя так болбой чыкты.
Эске сала кетсек, дарыгерлер Ош областынын Кара-Суу районунда жашаган 37 жаштагы аялдан кулгуна оорусун шектенишкен. Лабораториялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы таза болуп чыкты.
Кооомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнөн ошондой эле 16-августта Кара-Суу районунан сибирь жарасы эки эркек адамда бар деген шек болуп жатат деген маалымат кабарлашты. Материал изилдөөгө алынды. Жеринде профилактикалык жана эпидемиологиялык каршы чаралар көрүлүп жатат.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)