
Баракелде - Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгынын демилгеси тарабынан спорттук мелдештер уюштурулду. Жалал-Абад ОИИБунун басма сөз кызматынан Таалайбек Сусунбаевдин билдирүүсүнө ылайык, турнирдин демөөрчүсү Жалал-Абад шаарынын мэриясы болду.
Турнир Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгынын спортзалында 17-18-август күндөрү өткөрүлөт жана буга маркум Сулайманов Мыктыбектин туугандары да катышат.
Турнир Жалал-Абад областынын Базар-Коргон айылында июнь айындагы башаламандыкта эки элдин ынтымагын сактаймын деп тынчтыкты сактоо маалында каармандарча курман болгон милициянын майору Сулайманов Мыктыбек Жусупбаевичтин элесине арналган, анда Жалал-Абад областык ички иштер кызматкерлери тарабынан уюштурулган 17 командалык топ түзүлдү.
Командалык топтор волейбол, баскетбол, мини-футбол, күрөш, теннис боюнча жана ошондой эле милиция кызматкерлери дайыма машыгып турган тирде, ок атуу боюнча да мелдеш өткөрүшөт. Натыйжада жюрилердин аныктамалары боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылат.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)