Баракелде - КР саламаттык сактооо министри Сабыржан Абдикаримов 17-августта АКШ Тынчтык Корпусунун регионалдык директору Хелен Лоумен башында турган миссиясы менен жолугушту.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолгушуда ошондой эле Кыргызстандагы АКШ Тынчтык Корпусунун директору Клаудия Кюрик, миссиянын башка өкүлдөрү катышты.
С.Абдикаримов белгилегендей, Саламаттык сактоо министрлигинин Тынчтык Корпусу менен көп жылдык кызматташтыгы көрүнүктүү жыйынтыктарды берди.
Июнь окуяларына чейин ыктыярдуу элчилер республиканын баардык областарында ар тармактарда, анын ичинде ден-соолуктуу чыңдоо долбоорунда да иштешти. Кыргызстанга келген 88 волонтердун ичинен аталган долбоорго 14ү тартылган.
Ден-соолукту чыңдоодо волонтерлорду республиканын эң алыскы райондорунан кездештирүүгө мүмкүн болгон: алар маалыматтык-билим берүү компанияларынын методикаларын иштеп чыгууга жардам беришип, мектеп программаларына ден-соолук сабактарын интеграциялашкан, айылдыктарды пайдалуу турмуш жолдоруна үйрөтүшкөн, кыргыз тилинде буклеттер менен китепчелерди даярдап, котормосун ишке ашырышкан, ВИЧ/СПИДи алдын алуу программаларына катышышкан.
Саламаттык сактоо министрлиги кызматташтыкты улантууга Өз ара түшүнүшүү Меморандумунун чегинде даярдыгын билдирип, тараптар үчүн эң маанилүү маселени белгиледи: жабыркагандарга психикалык-социалдык жардам көрсөтүү, ден-соолукту чыңдоо кабинеттери менен тыгыз байланышта болуу, кризистик борборлордо аярлуу топторго жардам көрсөтүү ж.б.
Тынчтык Корпусунун регионалдык директору Хелен Лоумен өлкөнүн медициналык водомствосу менен кызматташтыктын жетишилген жыйынтыктарына канаатангандыгын билдирип, жолугушуда айтылган сунуштар менен суранычтар боюнча иш алпарууга мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө убадасын берди.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда Тынчтык Корпусу 1993-жылдын 5-ноябрында түзүлгөн. Андан бери өлкөдө 800дөн ашык волонтерлор кызмат өтөштү.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)