Баракелде - КР Саламаттык сактоо министрлигинин билидирүүсүнө ылайык, жүрөктү жана органдарды трансплантациялоо Илимий-изилдөө институтунда «ачык жүрөккө» пландуу түрдө операцияларды жасоо чынында эле токтотулган. Анын директору Калдарбек Абдрамановдун айтымында, тездетилген жабык түрүндөгү операциялар жүрүүдө. Табиятынан жүрөк кемтиктери барлар боюнча хирургиялык бөлүмдүн жана кеп-кеңеш-операциялык бөлүм менен лаборатория үзгүлтүксүз иштеп жатат.
Пландуу түрдө операцияларды жүргүзүүнүн токтошунун себептери, Институттун реанимациялык бөлүмү менен операция жүрүүчү бөлүк азыркы кездеги ушуга окшогон атайылаштырылган структуралардын талаптарына дал келбей калгандыктан токтотулду.
Инфекциядан оордоп кетүүлөрдүн көпчүлүгү, абааны тазалоонун түздөн-түз шайкеш келбей калган учурлары, температуралык режим менен байланыштуу. Мына ушуга байланыштуу жайкы мезгилде пландуу түрдө операциялар токтотулат.
Башка хирургиялык операциялардан айрымаланып, кардиохирургиялык операциялар жүрөктүн иштеп турушунун бир саатан үч саатка чейин токтошун талап кылат. Тактап айтканда, организм кан жүгүртүүнүн жасалма аппаратынын жардамы менен гипотермия абалына киргизилип, 30-32 градуска чейин төмөндөтүлүп «муздатылат» жана акырындык менен ал абалдан чыгарылат.
Пациенттин муздатуу жана ысытуу шарттарынан жантайган ар бир окуясы абдан кайгылуу себептерге алып келет.
Операция кылуучу бөлүктө жана реанимациялык бөлүмдө азыркы шартка ыңгайлашкан үзгүлтүксүз айланып туруучу бирдиктүү жабык желаргы системасы, абааны тазалоочу «климат көзөмөлдөө» сисемасы орнотурулушу керек.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)