
Баракелде - Шал оорусуна (полиомиелит) каршы эмдөөнүн экинчи баскычы 23-августта башталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө.
Полиомиелиттин таркап кетишин жана аны алдын алуу үчүн 5 жашка чейинки бардык балдарды эки жолу вакцинациядан өткөрүш керек.
Биринчи баскычтын жыйынтыктары боюнча Кыргызтанда балдардын 600 миңден ашуун, же 95,2 пайызы эмдөөдөн өтүшкөн.
Саламаттык сактоо министрлиги калкты 23нөн 27-авгуска чейин өтүүчү эмдөөнүн экинчи баскычына активдүү катышууга чакырат. Ал баланын биринчи иммунизация алгандан кийинки ички организиминин калыптануусун бекемдейт жана келечекте полиомиелит менен ооруганды болтурбоого кепил болот.
Эмдөөнү өлкөнүн баардык ийне салуучу пункттарында балдар бекер алышат. Ата-энелер, туугандар, же болбосо өз карамагында багуучулар алыскы жерлерде, башкалардан оолак жашаган жана аз тейлеген эл жагашкан пункттарда бардык балдар, өзгөчө биринчи турун өткөрүп жибергендер, сөзсүз вакцинанын экинчи өлчөмүн алуулары керек.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)