Баракелде - Республикалык психикалык саламаттык борборунун генералдык директорунун орун басары Сабира Мусаева КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сѳз борборуна билдиргендей, 23-27 августта борбордун кеңсесинде Бишкек шаары, Ош жана Жалал-Абад областтарынын психикалык саламаттык кызматынын 20 адистерин окутуу жүрѳт.
Кыргызстандык медиктерге «Ѳзгѳчѳ кырдаал мезгилинде писхологиялык жана писхологиялык терапиялык жардамды уюштуруу» темасындагы сабактарды Орусиянын Сербский атындагы социалдык жана соттук- психиатриялык борборунун адистери ѳткѳрүшѳт.
Аталган окуунун негизги максаты – адистик тажрыйба бѳлүшүү жана июнь окуяларында жабыркагандарга психологиялык жана атайылаштырылган жогорку квалификациялык жардам кѳрсѳтүү.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)