Баракелде - КР Саламаттык сактоо министри, Сабыржан Абдикаримов 20- августта Талас обласундагы жумушчу сапарында областын башчысы Койсун Курманалиева менен кездешти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз борбору билдирүүдө.
Министр менен губернатор областын саламаттык сактоо тармагынын ѳсүү жолдору тууралуу маселени талкуулашты. Ал маселелер кадрлардын кетип жатышы, медициналык мекемелердин шаймандар менен начар камсыздалышы, ооруканалардын, үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборлорунун, ФАПтардын ремонт иштерине муктаждыгы жана башкалар.
С.Абдикаримов Манас, Кара-Бура, Бакай-Ата райондорунун саламаттык сактоо мекемелеринин иштери менен кенен таанышып чыкты. Андан соң ал медицина тармагынын активдери менен жолугушту. Министрдин иш сапарында аны менен кошо КР Ѳкмѳтүнүн алдындагы милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун директорунун орун басары Улан Нарманбетов, министрликтин медициналык жардам уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Динара Сагынбаева жүрүштү. Кесиптештеринин колдоосунун астында министрге кѳптѳгѳн маселелерди ордунда чечүүгѳ мүмкүн болду.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)