Баракелде - Жалал-Абад областында 2010-жылдын 7 айынын ичинде 27 ич келте оорусу катталды. Бул 2009-жылдагы 57 ич келте фактысына караганда аз, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат борбору.
Жүргүзүлүп жаткан чараларга карабай, аталган региондо ич келте менен ооругандардын эпидемиологиялык абалы акыркы беш жыл ичинде начар бойдон калууда.
Областта 75,7% ич келте оорусу катталган, оорунун жогорку деңгээли Ноокен районунда – 16 (13,9%) адам жана Майлуу-Суу шаарында – 5 (22,3%) болду.
Санитардык-эпидемиологиялык абалдын курчушу Майлуу-Суу шаарындагыдай эле, Ноокен районунда да таза суунун булактарына калктын керектүү шартта жетишпегендигинен болууда. Учурда Ноокен районунун 30,5% калкы чарбалык-ичүүчү талаптарына жооп бербеген сууну ачык суу булактарынан пайдаланып жатышат (арык, сугат каналдары жана агын суу).
Массалык түрдѳ ич келтенин таркашын болтурбоо жана жок кылуу максатында Жалал-Абад областынын санитардык кызматы тарабынан бир топ чаралар кѳрүлдү.
Оору маселеси Майлуу-Суу шаары жана Ноокен районун боюнча кѳп секторлорлук координациялык комитеттерде каралып, 5 жолу чечим кабыл алынды. Жалал-Абад областынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл (БМСЭКТ) органдары тарабынан 56 санитардык кѳрсѳтмѳ даярдалган жана берилген, 5 текшерүү, 21 штрафтык санкция коюлган.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)