Баракелде - Мугалимдердин Ош облустук кеңешмеси 28-августта өтөт. Бул тууралуу Ош обладминистрациясынын басма сөз кызматы билдирүүдө.
Жыл сайын салтка айланган мугалимдердин август конференциясы быйыл кеңешме деп аталып, жаңы окуу жылына билим берүү мекемелердин даярдыктары, окутуу усулдар жана башка багыттар туурасында кеңешип, жыл жыйынтыгы чыгарылат.
Мындан сырткары, Ош облусунун губернатору тарабынан билим берүү мекемелердин жаңы окуу жылына сапаттуу даярдыгы багытында облустук кароо-сынак жарыяланган. Бул сынакка 80 миң сом акча каражаты сарпталат жана жеңүүчүлөргө сыйлыктары тапшырылат.
Кошумчалай кетсек, чыгармачыл мугалимдерге, мыкты билим берүү мекемелерге дагы акчалай сыйлыктар, грамоталар тапшырылат, буга 60 220 сом каралган.
Атаган мугалимдердин облустук конференциясына Ош облусунун билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, мугалимдер, жогорку жана орто окуу жайларынын ректорлору, окутуучулары, райондордун акимдери келип катышуусу күтүлүүдө.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)