Баракелде - Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кабыл алуу бѳлүмүнун башчысы Фатима Турусбекованын министрликтин басма сѳз борборуна билидиргенине ылайык, кабыл алууга ѳтүп жаткан жылдын 7 айында 978 адам кайрылган. Кайрылуулардын кѳпчүлүгүн Бишкек шаары (186) жана Чүй областы (47) түзгѳн. Негизинен эл дарыланууну уюштуруп берүү, алдын ала ооруну текшерүү, кеп-кеңеш берип туруу, майыптыкты аныктоо, дары-дармектерди табууга кѳмѳктѳшүү сыяктуу ѳтүнүчтѳр менен кайрылышат.
Алардын арасында: сапатсыз дарылоо (5) менен саламаттык сактоо мекемелеринде ыңгайлуу шарттын жоктугу (2), коллектив арасында келишпестик (3), медициналык кызматкерлер тарабынан акча берүүгө мажбурлоо (9), дарыгерлерге формалдуу эмес тѳлѳмдѳр (25), ѳз милдеттерине орой жана кайдыгер мамиле кылуу (5), саламаттык сактоо мекемелеринде айлык акыны тѳлѳбѳѳ (1), кошумча тѳлѳмдѳрдү стационарлада тѳлѳгѳндѳн кийин кайра дарыларды сатып алуу (1) ж.б. кирет.
Саламаттык сактоо мекемелерине ишеним телефондору аркылуу кайрылгандардын ичинен Коомдук кайрылуу бѳлүмдѳрүнѳ 7 ай ичинде 491 адам байланышкан. Фатима Турусбекова ѳтүнүчтѳрдүн бардыгы канаатандырылып эле койбостон, алардын бүтүндѳй арыздары менен таламдары аткарылат жана адаттагыдай териштирүүдѳн кийин пациенттерге кошумча тѳлѳмдѳрдѳн башка ашык каражаттары кайтарылып берилет.
Тоголок арыздар менен кайрылгандар менен иштѳѳ бир аз оор болот, – деп белгилейт бѳлүм башчы. Арыздануучу кайсы саламаттык сактоо мекемесинде, ким, ѳз милдеттеринен сырткары чектен чыгып кеткендигин так кѳрсѳтүүсу зарыл. Андан сырткары, пациенттер ѳз укуктары менен милдеттерин бирдей ѳлчѳмдѳ так билбейт.
Апрель айында Коомдук кабыл алуу жайы жарадарларды кабыл алууда жана бѳлүштүрүүдѳ согушчан чепке айланды. 538 жарадар-коштоп жүрүүчүлѳр менен кабыл алынды. Бул жерде паспорт, укук жана социалдык колдоо, соттук экспертизадан жардамдар болду.
Коомдук кабыл алуу жайы келгендер үчүн ар күнү ачык. Аларды кабыл алуу адаттагыдай жумушчу графиги менен ѳтѳт. Кабыл алуу жайы КР саламаттык сактоо министрлигинин ичинде, тел. 62-10-23.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)