Баракелде - Бул Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытай Эл Республикасынын Коммерция министринин орун басары Гао Хучэн менен болгон жолугушуу учурунда макулдашылды.
Каражат айыл-чарба жабдууларын сатып алууга жумшалмакчы. Министр Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында «Датка-Кемин» электр өткөрүүчү линиясын куруу үчүн жеңилдетилген насыя бөлүү мүмкүнчүлүгүн да карап көрүүнү өтүндү. Эки тарап соода-экономикалык карым-катнашты бекемдөө, экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Р.Казакбаев Кытайдын билим берүү министринин орун басары Чэнь Сяо менен жолугушуп, ошол өлкөдө билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин стипендиясын көтөрүп берүүсүн сурады.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)