Баракелде - Эртең Кара-Суу районунун аймагында 31-август эгемендүүлүк майрамына карата жалпы элдик субботник күнү деп жарыяланды.
Ош обладминистрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чарага аталаган райондун мекеме-уюмдарынын кызматкерлери, коомдук ишмерлер жана жалпы район тургундары катышышат.
Мындан сырткары ар бир айылдык округдарда КР эгемендүүлүк күнүнө карата, спорттук оюндар, концерттик иш-чаралар өткөрүлөт. Ал эми Кара-Суу шаарында жайгашкан Ж. Бөкөнбаев атындагы эс алуу паркында элик сейил уюштурулуп, райондун маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программалар тартууланат.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)