
Баракелде - Бишкектин «Ала-Тоо» кинотеатрында 30-август саат 16:00дө режиссер Нурбек Эгендин «Манастын төрөлүшүн утурлап» деген аталыштагы жаңы тасмасынын бет ачары болот.
Режиссердун айтымында, тасмада коомчулуктун ар кандай катмарынан, ар башка кесипти аркалаган адамдардын портрети аркылуу өлкөнүн портрети чагылдырылат.
«Тасмада белгисиздиктен чарчаган эл өзгөрүүлөрдү, чыныгы лидер, руханий ата, Манастын туулушун күтүп жатканын көрсөтүүгө аракеттендик», - деди Н.Эген.
Бишкекте көрсөтүлчү тасма — бул чет өлкөдө да көрсөтүлө турган эл аралык вариант болуп эсептелет. 31-августтан баштап, тасма Бишкектин башка кинотеатрларында жана Ош драма театрында да кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтүлө баштайт.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)