Баракелде - Кызыл чырым эл аралык комитети бүгүн Ош шаарынын жашоочуларына атайын суу насосторун тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирүүдө.
16 миң АКШ долларын түзгөн 4 насос Ош шаары жана Кара-Суу районунун жакынкы айылдарын суу менен камсыз кылган «Ош шаардык суу каналга» тапшырылды.
Курманжан –Датка, Туран, Достук аймактык кеңештери жана Этикчи көчөсүндө иштебеген насостор жаңы насосторго алмаштырылат. Мунун натыйжасында Оштун 23 миң кишиси таза, ичүүчү суу менен камсыз болот.
Эл аралык комитет талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүгө да жардам берүүнү пландаштырууда.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)