Баракелде - Ош облусунун бүт район–шаарларында жаңы окуу жылына карата мугалимдердин август конференциясы жана секциялык кеңешмелери өткөрүлдү.
Ош обладмиинстрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыл сайын салтка айланган мугалимдердин август конференциясы быйыл кеңешме деп аталып, жаңы окуу жылына билим берүү мекемелердин даярдыктары, окутуу усулдар жана башка багыттар туурасында кеңешип, жыл жыйынтыгы чыгарылып, анда татыктуу окутуучуларга райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Мындан сырткары, Ош облусунун мамлекеттик администрациясы жана райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан билим берүү мекемелердин жаңы окуу жылына сапаттуу даярдыгы багытында кароо-сынак жарыяланган. Болуп өткөн конференцияларда аталган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Ал эми мугалимдердин облусттук конференциясы эртең, 28-августа өткөрүлөт. Буга Ош облусунун губернатору, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, мугалимдер, жогорку жана орто окуу жайларынын ректорлору, окутуучулары, райондордун акимдери келип катышуусу күтүлүүдө.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)