Баракелде - Бүгүн Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназияга Орусия Федерациясынын президенти Д.Медведев кол койгон эстелик медаль тапшырылды. Бул тууралуу Нарындан кабарчы Күмөндөр Усуптегин билдирүүдө.
Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин экинчи катчысы Александр Шедловский бул эстелик медаль Улуу Жеңиштин 65 жылдыгынын урматына арналып, анда эки өлкөнүн алака катнашынын урматына карата берилгендигин билдирди. Бул мектепте сабак чылгый орус тилинде өткөрүлүп, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги менен тыгыз алакада иш-аракет кылып келет.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)