Баракелде - Жалал-Абад областынын Ноокен районунда 29-августта жаңы дайындалган акимге нааразычылык акциясы болуп, ага 500дөн ашуун райондун тургундары катышышты.
Ноокен райондук кеңештин депутаттарынын атынан Н.Өмүрзаков билдиргендей, себеби Ноокен районунун эл депутаттарынын кеңешинин 30 депутаттан 24 депутат катышкан кеңешмеде 23 депутат Жалал-Абад областынын губернатору Асанов Бектур Жантороевич тарабынан акимдик кызматка сунушталган У.Өсөровго каршы пикирин билдиришкен. Анткени У.Өсөров акимдик кызматына татыктуу эмес, себеби анын абийри Ноокен районунда төмөн экенин жана коррупцияга аралашканын элдин баары билип, коруп жүрөт, деп белгилешет депутаттар.
Өткоө акцияда бир эле талап коюлду: 2-сентябрга чейин акимди райондун депутаттары менен макулдашууну. Эгерде бул тууралуу талап аткарылбаса, 3-сентябрда Ноокен районунун бүткүл элдик курултайы жана элдик акимди шайлоону алдыга максат кылып койду. Өз сөздөрүндө райондун депутаттары бийликтин бутагы болгон, эл тарабынан шайланган депутаттардын жана Ноокен элинин пикирин угуп, президент Роза Отунбаева калыстык менен карап, эл ишенимине ээ болгон акимди дайындап берет деген чоң ишеничте.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)