Баракелде - Камбар-Ата ГЭС-2нин биринчи гидроагрегаты бүгүн, 30-августта салтанаттуу түрдө ишке киргизилет, деп билдирди Токтогул ГЭСинин директору Темирлан Бримкулов.
Анын айтымында, Токтогул суу-электр станциясы күзгү-кышкы мезгилдерге даяр. Учурда Токтогул суу сактагычында 19 млрд 449 млн куб метр суу топтолду. «Суунун көлөмү эң бийик деңгээлге жетти. Күзгү-кышкы мезгилге биз максималдуу деңгээлде чыгабыз. Биз берилген план боюнча иштеп жатабыз жана электр энергияны канча керек болсо, ошончо иштеп чыгабыз», - деди ал.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)