
Баракелде - КР Маданият жана маалымат министрлиги элдин руханий дүйнөсүн байытуу жана Кыргызстандын улуттук маданияты менен адабиятын өнүктүрүү үчүн китеп жазып, аны өз каражаты же сүрөөнчүлөрдүн жардамы менен жарыкка чыгарып келе жаткан авторлордун эмгегин баалоо жана колдоо максатында «Китеп - аң-сезимдин азыгы» аттуу жалпы республикалык акция өткөрөт.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, акцияга 2009-2010-жылдары жарыкка чыккан китептердин авторлору, тиешелүү китептерин ушул жылдын 20-сентябрына чейин сунуштоо аркылуу катыша алышат.
Министрлик бул акцияга жогорудагы шартка туура келген авторлорду катышууга чакырат. Каалоочулар Бишкек шаары, Пушкин көчөсү №78 дареги боюнча 244-кабинетке кайрылса болот.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)