Баракелде - Бишкектин «Ала Тоо» борбордук аянтында 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата КР президенти Роза Отунбаева жана шаар мэри Иса Өмүркуловдун катышуусу менен салтанат өтөт.
Саат 10.00дөн 13.00гө чейин Эски аянтта маданият-массалык иш-чаралар жана спорттун 15 түрү боюнча мелдештер өтөт. Кыймылдуу оюндар жана көңүлдүү иш-чаралар борбор калаанын 4 районунда тең өткөрүлөт.
Ата-Түрк, Панфилов, Фучик парктарында, Каражыгач багында чыгармачыл топтордун концерттери пландаштырылууда.
Саат 20.00дөн 22.00гө чейин Эски аянтта кыргыз эстрада ырчыларынын концерти болот. Майрам 30 мүнөттүк фейерверк менен аяктайт.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)