Баракелде - Бишкек шаарынын Ахунбаев-Достоевский көчөлөрүндөгү жолдорду оңдоо кечээ аяктап, учурда жол каттамы ачылды, деп маалымдайт 30-августта Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат жана жарнама департаменти.
Маалыматка ылайык, бул көчөдөгү жолдун узундугу 1 км 100 метрди түздү жана жалпы кеткен чыгым 22 млн сомду түздү. Бул жол «Көк-Жар» конушунун жашоочулары үчүн ыңгайлуу болуп, унаа каттамдары жакшырды, дейт мэрия.
Ошондой эле, Москва көчөсүнөн баштап Чүй проспектисине чейинки Гоголь көчөсүндөгү жол капиталдык оңдоодон өттү. Бул участканын жалпы узундугу 850 метр, кеткен акча каражаты — 9,5 млн сом.
Учурда Карл-Маркстан Юнусалиевага чейинки Сухо-Батор көчөсүндө жана Байтик Баатырдан баштап Панфиловго чейинки Медеров көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)