Баракелде - Ѳлкѳнун эгемендүүлүк күнүн майрамдоо алдында Ош шаарынын «Анар» кичи районунда вице-премьер-министр, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана ѳнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башчысы Жантѳрѳ Сатыбалдиевдин катышуусу менен 4 кабаттуу 64 батирлүү үйдүн фундаментине купсула салуу аземи болуп ѳттү. Бул тууралуу дирекциянын басма сөз кызматы билдирүүдө.
«Ош шаарында мамлекетибиздин демилгеси менен акыркы 1 айдын ичинде экинчи жолу кѳп кабаттуу үйдүн фундаментин баштоо астында турабыз. Шаарыбыз горизанталдуу багытта гана эмес, вертикалдуу да багытта кѳтѳрүлѳ баштады. Ак ниетибиз, таза дилибиз менен куруп жаткан ушундай заманбап үйлѳрдүн кѳбүн куралы. Кудайым ошол күнгѳ жеткирсин. Шаарыбыз кооздолуп, ѳнүгѳ берсин, элибиз ар дайым тынччылыкта, токчулукта жашасын», - деди Ж.Сатыбалдиев.
4 кабаттуу үйдү курууга ѳткѳрүлгѳн тендерди «Корпорация курулуш сервис» акционердик коому (АО «Керме Тоо») женип алган. Аталган курулуш компаниясынын жетекчиси Жусуп Шабыевдин айтымында, үй 7 айдын ичинде курулат. Анын курулушуна кеткен чыгымы 38 млн сомдон ашык акчаны түзмѳкчү. Курулуш иштерине 4 бригада тартылып, үйдѳ 2 жана 3 бѳлмѳлүү батирлер болот.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)