
Баракелде - Кыргызстандын Советтер Союзунун курамынан бөлүнүп, өзүнчө эгемендүүлүк алганына бүгүн, 31-августта туура 19 жыл толот.
Бул убакыттын ичинде тоолуу өлкө экономикалык өнүгүүнүн татаал жолун басып келүүдө, кыска аралыктын ичинде 2 ыңкылапка туш болду. Кыргызстан эли эгемендүүлүктүн быйылкы, 19-жылын чоң адамдык жана материалдык жоготуулар менен тосууда.
Тарыхка кайрыла кетсек, кыргыздар тууралуу алгачкы маалымат кытай тарыхчысы Сыма Цяндын «Ши цзи» кытай жазууларында жолугат. Мында ал хунну шаньюя Маодун же Модэ уруулардын башчысынын басып алууларын сүрөттөгөн. Кыргыздар бул жерде «гэгунь» деп аталат. Бүгүнкү күнгө чейин гэгундар кайда жайгашканы тууралуу бирдиктүү ой жок, бирок кээ бир маалыматтарга караганда, алар азыркы Монголиянын батыш тарабында Чоң Көлдөрдүн Чөлкөмүндө көчүп жүрүшкөн. Башка версия боюнча, кыргыздардын ата-бабасы Боро-Хоро тоосунун күңгөй жагында (Чыгыш Тянь-Шань) жана азыркы Кытайдын батыш тарабындагы Жунгар тоолорундагы Дзосотын-Элисун чөлдөрүндө жашаган.
Жазуу түрүндөгү дагы бир эскертүү 569-жылга тиешелүү. Анда жазылгандай, византиялык элчи белекке кыргыз кулду алган. 5-6-кылымдарда кыргыздар Минусин чөлкөмүнө тарашкан. Ал эми түрк уламышына ылайык, кыргыздардын бири Абакан жана Энесай дарыялардын ортосундагы жерге барып жашаган.
840-жылы энесайлык кыргыздар алдын ала уйгурларды талкалап, өзүнүн мамлекети — Кыргыз каганатын түзүшөт. Бул маалда алар коңшу мамлекеттерге кол салып, өздөрү талкалаган уйгурларды куушуп, Чыгыш Түркстан жана Иртыш жактагы жерлерге кол салышат. Ошондуктан бул маалды тарыхчылар «Кыргыздын өздүк бийлиги убагы» деп атаган. Так ушул маалда кыргыздардын алгачкы жазуусу пайда болгон. Бирок мамлекет кол салуучуларга туруштук бере албай талкаланган — бул жазуунун жоголушуна алып келген, бирок элдик эс-тутум кала берген. Буга кыргыздын эч нерсеге теңелгис «Манас» эпосу күбө.
1207-жылы Энесай жана Байкел (Байкал) дарыялары жакта жашаган кыргыздар Чынгысхандын колуна түшөт. Бир нече кылымдар бою кыргыздар тигил же бул коңшу элдердин бийлиги астында болуп турду. 18-кылымдын орто ченинде кыргыздар уруу-тектик мамилерге карата топтоло баштады. Ар бир уруунун башында аксакал карыя турган жана алар уруулук кеңешке кирип турган. Чоң эмес урууларды манаптар башкарган.
19-кылымдын башында кыргыздар Кокон хандыгынын көз карандылыгына туш болушкан, бирок хандан бошонууга бүт аракетин жумшашкан; өлкөнүн ар кайсы аймактарында каршылык көтөрүлүштөр чыгып турган: 1842-1843-жылдары Ысык-Көл районунда, 1845-жылы Ош тарапта, чүйлүк жана таластык кыргыздардын көтөрүлүштөрү 1857-1858-жылдары болгон, ал эми баарынан чоң көтөрүлүш 1873-1876-жылы чыккан.
Кыргыз жерлерин Орусияга кошуу 1850-жылдардын ортосунда башталган. Кокон хандарынын бийлигинен кутулгусу келген кыргыздар Орусияга даярдык менен кошулуп жатышты. 1855 — 1863-жылдары падышанын полковниги Черняевдин отряддары Кокон хандыгынан Түндүк Кыргызстандын аймагын тартып алышты, ал кийин Орусия падышалыгына кошулган. Түштүк Кыргызстан (Фергана жана Тажикстандын түндүгү менен кошо) Кокон хандыгы талкалангандан кийин 1876-жылы Семиреченск облусу катары Орусияга кошулган.
Биринчи дүйнөлүк согушта Орусия падышалыгы кыргыздарды аскерге алып кете баштаганда, кыргыздар арасында көтөрүлүш чыгып, кыргыздардын көбү орус аскерлеринен каза таап, көбү Кытайды көздөй качышкан (кийин Кызыл-Суу автономиялуу аймак болуп аталган). Бул тарыхта 1916-жылкы Үркүн деген аталыш менен калды.
1917-жылкы ыңкылаптан кийин Кыргызстан Советтер Союзунун курмына кирген.
Советтик Союздун экономика, социалдык түзүлүшү, коомдук жана саясий чөйрөсүндөгү артка кетүүлөр 1991-жылдын 26-октябрында 15 республиканын көз карандысыздыгына жана алардын дүйнөлүк саясий аренада өз алдынча мамлекеттер катары келип чыкканына алып келди.
Кыргызстандын демократиялык кыймылы 1990-жылы башталган. Ушул эле жылдын октябрь айында демократиялык коалиция шайлоо өткөрүүгө жетишип, анда республиканын тунгуч президенти — академик Аскар Акаев шайланган. Москвадагы төңкөрүштөн эки жума өтүп-өтпөй, 1991-жылдын 31-августунда өкмөт республиканын көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн жарыялаган.
«Баракелденин» жамааты бардык кыргызстандыктарды, мекендештерди, боордошторду Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайт жана эркиндик менен көз карандысыздыкты сүйгөн эл дайым тынчтык жана бейкуттукта жашоосун каалайт.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)