Баракелде - Ысык-Көл областында 30-августта 3 мектептин ачылышы болуп, мектептердин ачылыш салтанатында областтык администрациясынын башчысы, губернатордун милдетин аткаруучу Мирбек Асанакунов катышты, деп билдирет Ысык-Көл областынын обладминистрациясы.
Маалыматка ылайык, быйыл Ысык-Көл областы боюнча жалпысынан 20 мектеп ачылмакчы, анын 1-сентябрга карата 15и ачылат.
Мектептердин жаңы имаратынын ачылышы көп болгондуктан, Ысык-Көл областында мектептердин ачылышы 27-августта эн алыскы Ак-Шыйрак айылындагы орто мектеп ачылды.
Ал эми 30-августта Ак-Суу районунун Ак-Булак жана Боз Булуң айылдарындагы 2 мектеп жана Түп районуна караштуу Корумду айылындагы мектеп ачылып, ачкычтары мектеп директорлоруна тапшырылды.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)