Баракелде - Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева 31-август Эгемендүүлүк Күнү менен кыргыз элин куттуктады.
Р.Отунбаеванын куттуктоо сөзүн мамлекет башчысынын басма сөз кызматы таратты.
Урматтуу Мекендештер! Урматтуу коноктор!
Эң оболу бүткүл кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 19-жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм жана элибизге тынчтык, ынтымак, биримдик каалайм. Элибиздин, мекенибиздин кубанычтуу эркиндигинин 19 – көз ирмемин, ары татаал, ары эң маанилүү, өлкөбүздүн мындан аркы тагдыр чечээр мезгилинде жашап жатабыз. Эгемендүүлүк салтанатын жалпы мусулмандардын ыйык айы болгон Рамазан айында өткөрүп жатабыз, мен бардык өлкө атуулдарыбызга туткан орозолору кабыл болуп, жандүйнөнүн, пейилдин, ыймандын тазалыгын жана кечиримдүүлүктүү, сабырдуулукту каалайм.
Урматтуу Мекендештер!
Дагы бир жолу бүткүл кыргыз элимди бүгүнкү Эгемендүүлүк майрамы менен кызуу куттуктайм жана бардык кыргызстандыктарга бекем ден-соолукту, бакубат жашоону, ынтымак-ырашкерликти, тынчтыкты, бекем достукту, берекени, бактылуу жашоону каалайм. Ал эми жалпы мусулмандардын Рамазан ыйык айы – элибизге аруулук менен тазалыктын, ымала менен ысык мамиленин асыл сапаттарын алып келсин!
Кыргызстаныбыздын асманы ачык, келечеги кең болсун!













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)