Баракелде - Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүн Орусиянын аймагында жүргөн мекендештер да белгилешүүдө, деп билдирет Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы.
Орусиянын Новосибирск шаарындагы кыргыз диспорасы Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте майрамдык иш-чара уюштуруп, ага Новосибирск облустук администрациясынын, шаар мэриясынын, улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү чакырылган.
Чакырылган конокторго Кыргызстан жөнүндө видеофильм көрсөтүлүп, ал кыргыз кол өнөрчүлөрү жана уздарынын көргөзмөсү менен коштолду. Улуттук музыкалык аспаптар жаңырып, улуттук кийимдер, ырлар жана улуттук ашкана сынагы да өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамы Орусиянын Сибирь федералдык округунун башка шаарларында да белгиленүүдө.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)