
Баракелде - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылында жергиликтүү айылдыктар милиция кызматкерлерин сабап, өрттөөгө аракет кылышкан. Бул тууралуу 1-сентябрда чыккан санында «Дело№» гезити жазууда.
Маалыматка ылайык, 27-августта баңги заттар менен күрөшүү райондук бөлүмүнүн оперкызматкери Өмүрбек Итигулов Максат деген күбө менен айылга келет. Кендир өскөн талаада эки аял наша жасап жаткан болушат. Аларды кармайын деген оперге дароо 20 атчан келип, аларга кол салат. Итигулов коргоном деп асманга аткан ок атчандардын бирин жарадар кылат. Калган атчандар милиционер менен күбөнү эс-учун жоготкуча сабашып, нары жактагы наша жасоочулардын чатыр үйүнө сүйрөп киришет. Бирок Итигулов уюлдук телефону менен кесиптештерине чалууга үлгүрөт.
Бир аз убакыттан кийин окуя болгон жерге Үч-Теректен Курманбек Алмусаев, Заир Алымкулов, Алмаз Казаков жана Жуман Таштанов деген милиция кызматкерлери жетип барды. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө дагы 200гө жакын атчандар келип, алардын куралын тартып алып, сабашкан. Милиционерлер жанагы чатырча үйгө кирип, бекинип алышат. Чогулгандар чыкпасаңар өрттөйбүз деп кыйкырышып, акырында төртөөнү сүйрөп чыгып, калган экөө отурган үйдү өрттөшкөн. Бирок башка эки аял өрттү өчүрүшкөн. Бул убакта Токтогулдан келген милиция отряды автомат менен асманга ок атып жатып, атчандарды тынчтандырууга жетишти.
Жабыркаган милиционерлер Бишкекте ИИМдин ооруканасында жатышат. Райондук прокуратура милиция кызматкерлерине кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду жана жакынкы күндөрү күнөөлүүлөрдү кармоо операциясы ишке ашырылат.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)