Баракелде - Курманбек Бакиевдин токолу деп айтылып жүргөн журналист Асель Мамбетовага Курманбек Бакиев 5 комнат үй, эки машине алып бериптир, деп жазат «Лозунг» гезити 1-сентябрдагы санында.
А.Мамбетова 7-апрель күнү кызматтагы машинесин чакырта коюп, кабинетин бүт көчүрүп кеткенге үлгүргөн. Көчүрүп баратып жол кырсыгына кабылганын уккан элек, дейт гезит. Арадан аз өтпөй эле «Азияуниверсал» банкына барып «счетунун» баарын алып кеткенге аракет кылган. Бирок акчасынын теңи «тоңдурулуп» калган. Учурда журналист чет мамлекеттердеги аралдардын биринде эс алып жүргөн имиш.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)