
Баракелде - Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева «Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын ишке киргизүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жарлык мамлекеттик кадр саясатын жакшыртуу, тактап айтканда мамлекеттик кызматка заманбап жана паракордукка жол бербеген башкаруу кадрларын тартуу жана кызматка алуу, мамлекеттик органдарда паракордуктун себептерин жок кылуу жана алдын алуу максатында иштеп чыгарылды.
Ага ылайык, мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын ишке киргизүү жүргүзүлөт жана полиграфта тестирлөө системасына өтүү иш жүзүнө ашырылат.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)