Баракелде - Бүгүн, 1-сентябрда Талас облусундагы 115 метеп жаңы окуу жылын баштады. Бул тууралуу Талас обладминистрациясынын басма сөз кызматы билдирүүдө.
Окуучулардын жалпы саны 46 632 адамды түзүп, алардын ичинен 5030 окуучу биринчи жолу мектеп босогосун атташат. Талас облусу боюнча 3632 мугалим бар.
Окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттукттоо үчүн Талас облустук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери мектептерге жөнөп кетишти.
Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева Талас шаарында жайгашкан №1-мектепте болуп, окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктады. Өз сөзүндө губернатор окуучулар өлкө келечеги экендигин айтып, алардын окууларына ийгиликтерди каалады.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)