Баракелде - Ош облусунун губернатору С.Жээнбеков 31-августта иш сапары менен Өзгөн районунун Куршаб айылдык округунда болуп, жаңы бала бакчанын ачылышына катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, баалуу белектерин тапшырды.
Обладминистрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, Куршаб айылдык округунда 19 миң калк жашайт. Анын ичинен 1 жаштан 7 жашка чейинки жаш балдардын саны 3200дөн ашат.
Бүгүнкү күнгө чейин 90 оорундуу «Наристе» балдар бакчасы гана иштеп, 1500дөн ашуун балдар үйлөрүндө тарбияланып, бир топ кыйынчылыктарды жаратып келсе, бүгүнкү ачылган «Куршаб» бала бакчасында 180 бала тарбия алууга ылайыкташкан. Аталган бала бакча 1979-жылы курулуп, ремонт иштери бүтпөстөн, таланып-тонолуп жок болуп кеткен.
2008-жылы кайрадан АРИС долбоору жана элдин жардамы менен 926 641 сомго имараттын чатыры жаңыланып, 2009-жылы айылдык округу КР каржы министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү фонду менен бирдикте 1600185 сомго 1- жана 2-кабаттардын капиталдык ремонттору жасалып бүткөрүлгөн.
Кошумчалай кетсек, аталган бала бакчада азыркы күндө 2 тайпада 15тен бала тарбияланып жатат. Толук кандуу иштетүү үчүн Куршаб айылдык округунун жана Өзгөн районунун бюджети жетишсиз болгондуктан, республикалык бюджеттен каржыланыш керектиги маалым болду.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)