Баракелде - Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, 1-сентябрь билим күнү губернатор Сооронбай Жээнбеков Ноокат районунун Н.Исанов айылдык округунда жайгашкан К.Жолдошов атындагы орто мектепте болду.
Аталган мектепке жаңы окуу жылы үчүн С.Жээнбеков 1 түстүү телевизор, 1 DVD үн күчөткүчү менен белекке берди.
Кошумчалай кетсек, 2008-жылдын 1-январындагы жер титирөөдөн 8 класстык бөлмөдөн жаракка кетип, окууга жараксыз абалга келип калган. 2008-жылдын 30-декабрында «Сунтар - Бишкек» жоопкерчилиги чектелген ишканасы тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен 39 млн 950 миң сом акча каражаты сарпталып, 510 орундуу мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилген.
Өткөн окуу жылында мектепте 21 класста 571 окуучу билим алышты. Алардын ичинен 8 окуучу өзгөчөлөнгөн аттестат менен окууну аяктаган.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)