Баракелде - Баткен областынын губернатору Султанбай Айжигитов областтын мектеп окуучуларын жана жалпы педагогикалык жамаатын 1-сентябрь - Билим күнү жана жаны окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
Обладминистрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен областында быйылкы жылы 98 миңге жакын окуучу мектепке келсе, анын 8 миңден ашыгы мектеп босогосун алгачкы ирет аттады.
С.Айжигитов куттуктоо сөзүндө баса белгилегендей, учурда билим берүүдө гана эмес, тарбиячы катары да мугалимдерде чоң жоопкерчилик болуусу зарыл. Өлкөнүн Ош жана Жалал-Абад областтарында акыркы айларда болуп өткөн окуя элдин ынтымак жана биримдигине чоң сыноо болду. Дал ушул учурларда элдерди тынчтандырууда, ынтымакка чакырууда, айрыкча, жаштардын алган таалим-тарбиясы чечүүчү ролду ойногон. Ошондуктан мугалимдин билим берүүгө гана эмес, окуучуларды инсан катары тарбиялоого да чоң маани берүүсү зарыл экендигин губернатор айтып өттү.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)