Баракелде - Тендердик комиссия Кара-Суу районундагы Шарк айыл округуна караштуу Ташлак айылында күйүп кеткен Л.Толстой атындагы орто мектебин курууга жарыяланган тендердин жеӊүүчүсү деп «Аскад» курулуш компаниясын тапты. Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абадды калыпка келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган курулуш фирмасы 520 орундуу жаӊы мектепти 6 айдын ичинде 36 млн 600 миӊ сомго куруп беребиз деп убада берди. Компания мектептин курулуш иштерин баштады.
Белигилей кетчү нерсе, мектеп курулушуна жарыяланган тендерге 30 курулуш компаниясы арыз берген. Ал компаниялар сунуштаган баалардын эӊ тѳмѳнү 36 млн сом болсо, эӊ кымбаты 99 млн сомду түздү. Ал эми убактысы болсо 6 айдан 10 айга чейин.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)