Баракелде - Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамына карата Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы тарабынан өнөр адамдарынын арасында «Кут уялап, кулпуна бер, Өрүкзар!» аттуу областтык салттуу фестивалынын областтык туру 31-август күнү өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Баткен обладминистрациясы тарабынан алты номинацияда жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Обладминистрациянын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты боюнча бөлүмүнүн башчысы Жамалидин Эшанкуловдун билдирүүсү боюнча улуттук идеологиянын туу чокусу болгон патриоттуулук, гумандуулук идеясын жогору туткан руханий байлыктардын негизги булактары болгон улуттук чыгармалардын сапатын жогорулатуу, өнөрпоздордун өнөрүнө шык берүү, кызыгууларын арттыруу мүдөөсүн көздөп уюштурулган бул фестиваль үчүнчү ирээт өткөрүлдү. Фестивалга катышкан өнөр адамдары аткарган чыгармалары аркылуу улуттук идеяны, өрүкзарлуу өрөөндүн жетишкендиктерин, Баткен жергесинин баалуулуктарын элге кеңири жайылтуунун аракетин кылышты.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)