Баракелде - Кыргызстандын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри Айгүл Рыскулова бүгүн, 1-сентябрында Бишкек шаарындагы №18-кесиптик лицейге барып, Билим күнүнө арналган салтанаттык иш-чарага катышты.
Бул министрликтин басма cөз кызматы билдиргендей, салтанаттык линейкада сүйлөгөн сөзүндө министр окуучуларды, мугалимдерди жана усталарды Билим күнү менен куттуктап, №18-кесиптик лицей алдыңкы окуу жай экени жана анын бүтүрүүчүлөрүнө эмгек рыногунда талап бар экенин белгиледи. Министр окуучуларга окууларына ийгилик каалап, мугалимдер менен усталарга ыраазычылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, №18-кесиптик лицей ресторан жана мейманкана чарбаларынын кызматчыларын жана тигүү ишинин адистерин даярдайт.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)