Баракелде - Жалал-Абад областындагы окуялардан жапа чеккен адамдарга 200 миң сом өлчөмүндө пайызсыз льготалык ссудалар 20 жылга берилет, деп жазат «Слово Кыргызстана» гезити 1-сентябрдагы санында.
Маалыматка ылайык, ссуданы алган адамдар аны кайрадан кайтарууга 3 жылдан кийин гана төлөм жүргүзүшөт. Эгерде адам льготалык ссуданы алуудан баш тартса, ага өкмөттүн ылайыктуу токтому менен 50 миң сом өлчөмүндө компенсацияны төлөп берүү каралат.
Учурда Жалал-Абад областы боюнча турак-жайларга ссуданы алууга тизме боюнча 212 адам катталды, Жалал-Абад шаары боюнча — 165 адам, Базар-Коргон району боюнча 110, Сузак районунда — 34, Ала-Бука районунда — 2, Ноокен районунда — 1 адам катталды.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)