Баракелде - Жалал-Абад областы боюнча быйыл алгачкы жолу 18 миң 400 бала мектеп босогосун аттап, биринчи класста окушат, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.
Бул областта жалпы окуучулардын саны 215 702ге жетет. Область боюнча 392 орто, 42 негизги жана 37 баштапкы мектептер бар. Алардын ичинен 352 мектеп кыргызча окутулат, 12 орус мектеп, 43 өзбекче жана 64 мектеп аралаш тилдерде окутулат.
Областтын билим берүү системасында 14 миң 357 педагогикалык кадрлар иштейт. Мектептердин китеп менен камсыз кылуусу 52%ды түзөт.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)