Баракелде - Баңги заттарды таратуучуларды кармоо боюнча атайын операциянын чегинде 30-августта Бишкек шаарынын Свердлов районунун баңги заттардын мыйзамсыз айланышы менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургунун 18 г гашиш менен кармашкан.
ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, кармалгандын үйүн тинтишкенде дагы 1 кг 400 г гашиш табылган. Кармалган адам мурда жети жолу соттолгон, анын ичинен 4 жолу баңги заттар үчүн.
Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)