Баракелде - Өзбекстан аймагына алынып кетилген эки чек арачыны бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды, деп билдирет Баткен облустук акимчилигинин коопсуздук жана коргонуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев.
Анын айтымында, окуя кечээ Кадамжай районунун Пүлгөн шаарчасынын Өзбекстан менен чектешкен жеринде, эки өлкөнүн бейтарап аймагында болгон. Облустук акимчиликтин бөлүм башчысы белгилегендей, өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын чек ара кызматынын жана Айдаркен чек ара бөлүгүнүн эки өкүлүн өз аймагына күч менен алып кетишкен. Эки өлкөнүн чек арачылары ал жерге Өзбекстандын Кыргызстан аймагындагы Сох анклавы аркылуу өткөн транзиттик жолдун жабылышынан улам келип чыккан маселелерди сүйлөшүү үчүн келишкен. Өзбекстан бүгүн көз карандысыздык күнүн белгилеп жатышына байланыштуу Сох анклавы аркылуу өткөн жолду кечээтен тарта үч күнгө жапкан болчу.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)