Баракелде - Нарын областынын Ат-Башы районунун аймагынан 24 гектар жер бөлүнүп, ага соода-тейлөө борбор (терминал) курулуп жатат, билдирет кабарчы Күмөндөр Усуптегин.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылга карата бул борборду курууга 13 млн сом сарпталды.
Кийинчерээк бул жерди эл аралык маанидеги соода тейлөө борборго айландыруу үчүн 100 гектар жер керектелет, деп билдирет Нарын областынын губернатору Турдубек Мамбетов. Ал ошондой эле Кочкор районундагы Молдо Кылыч жана Нарын районундагы Учкун айылындагы орто мектептер каражаттын чечилбегендиктеринен улам окуучулар айрым үйлөргө окуганга мажбур болуп жаткандыгын белгиледи.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)