Баракелде - Кыргызстан Казакстандан 230 миң тонна көмүр алуу боюнча келишим түздү, деп билдирди 1-сентябрда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Амангелди Муралиев Бишкек ТЭЦиндеги жолугушууда.
«Казакстандан тышкары Кара-Кечеден көмүр алууга да келишимди түздүк. Алар жакын арада көмүрдү ташый баштайт» - деди ал.
А. Муралиев жергиликтүү ишканаларга колдоо көрсөтүп, Кара-Кечеден көмүр казып алууда заманбап технология пайдаланылып, анын сапатын жогорулатуу керек экендигин билдирди.
Ал мындан тышкары, Бишкек ТЭЦтин абалы оор экендигин айтып, оңдоо иштеринин зарылдыгын айтты. «Акыркы 20 жыл ичинде ТЭЦте абал оорлоп кетти. Каржылоо жарым жартылай аткарылып, суу насостор, буу трубиналар, мештер жарактан чыгууда»,- деди А.Муралиев.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)