
Баракелде - Кечээ күнү, 2-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай райондук администрациянын имаратынын алдына жыйылган 100гө жакын эл райондук акимчиликтен чек арадагы кырдаалды жөнгө келтирүү боюнча чечкиндүү кадамдарга баруу талабы менен чыгышты. Бул тууралуу Баткенден өздүк булак билдирүүдө.
Кийинки кездерде Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарын байланыштырып турган жол Өзбекстан аркылуу өтөт. Бул транзиттик жол аркылуу өтүүдө кыргыз жарандарына өзбек чек арачылары мыйзамсыз текшерүүлөргө алып, коркутуп –үркүтүп, кээ бир учурларда кол көтөрүп, буюмдарын, акчаларын алып койгон учурлар болуп келген. Натыйжада, бул жол аркылуу кыргыз жарандарынын коопсуздугуна коркунучтуу болуп, транзиттик жол аркылуу жарандардын өтүүсү токтотулган.
Ошондой эле өзбек чек арачыларынын кыргыз чек арачыларын сүйлөшүүгө деп алдоо жолу менен чакырып алып, мыйзамсыз кармап, Өзбекстанга алып кирип кеткендиги кыргыз жарандарынын кыжырдануусун пайда кылды.
Эскерте кетсек, 31-август күнү кечки саат 19да КРнын чек ара кызматынын полковниги Бегматов Зиядилла жана Айдаркен чек ара отрядынын подполковниги Исматилла Анарбаев Өзбек Республикасынын чек ара кызматы менен макулдашылган кызматтык иштер боюнча сүйлөшүүлөргө барган жеринен Өзбек Республикасынын чек ара кызматынын кызматкерлери аларды мыйзамсыз түрдө кармап Өзбекстандын аймагына алып кирип кетишкен. Кечээ күнү аларды бошотуу боюнча кыргыз чек арачыларынын өзбек чек арачылары менен сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктаган.
Жыйналган эл менен район акими Токтомат Ганиев жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин чогулган эл таркап кетти.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)