Баракелде - Ош облусунун губернатору С.Жээнбеков энергетика министри Э.Үмөталиев менен жолугушту. Бул тууралуу Ош обладминистрациясынын басма сөз кызматы билдирүүдө.
Жолугушууда С.Жээнбеков Ош облусунун учурдагы абалы, облуста алты айдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн актив, бажыдагы контрабанданын күчөгөнү, кытай инвесторлорун тартуу, ишкерлерге лицензия берүү боюнча бир топ маселелерге токтолуп өттү.
Э.Үмөталиев Ош коогалаңында жапа чеккен үйлөрдү калыбына келтирүүдө, көбүнчө талкаланган жеке менчик жана муниципалдык социалдык объектилер көңүлгө алынбай калып жаткандыгын белгилеп, мындай катачылыктарга жол бербеш керек экендигин баса белгилеп кетти.
Жолугушуунун жыйынтыгында мындан ары жогоруда белгиленген маселелерге көбүрөөк көңүл бурулаары белгиленди.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)